Телефон аркылуу сүйлөшүп жатып, балдарын тилдеген атага чара көрүлөт

Телефон аркылуу сүйлөшүп жатып, балдарын тилдеген атага чара көрүлөт

Социалдык тармактарга чыккан, эркек киши балдарын тилдеп жатканы тартылган видеодогу жарандын өздүгү аныкталып, ага тиешелүү чаралар көрүлөт. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан билдиришти.

Эскерте кетсек, 11-октябрда социалдык тармактарга эркек киши балдары менен видеобайланыш аркылуу сүйлөшүп жатып, аларды тилдеп жатканы тартылган видео тараган.

Ош облустук милициясы видеодогу жарандын өздүгүн аныктап, ал Кара-Суу районунун 36 жаштагы М.М. аттуу тургуну экени такталган. Милициянын маалыматы боюнча, ал Россиянын жараны болот. Жубайы менен 1 кыз, 1 уулу бар жана алар менен учурда чогуу жашабайт. Ал эми соцтармактарга тараган видео быйыл апрель айында ал Россиянын аймагында жүргөн учурда тартылган.

«Бул окуя боюнча тиешелүү чаралар көрүлгөн соң кошумча маалымат берилет», — деп билдиришти милициядан.

Ал эми Ош шаардык милициясы билдиргендей, видеодогу аял балдары менен учурда Ош шаарында жашайт. 12-октябрда милиция видеодогу окуя боюнча аялдын үйүнө барып, келин милицияга арыз менен кайрылып, арыз каттоого алынган.

Аялдын айтымында, алар жолдошу менен 2013-жылы баш кошуп, 2017-жылы кыздуу жана 2019-жылы уулдуу болушкан. Чогуу жашаган учурда күйөөсү кол көтөрүп жүргөн. Алар 2020-жылга чейин чогуу жашап, ал жылы аял күйөөсү менен араздашып, балдарын алып Россиядан Кыргызстанга кетип калган. 2020-жылдан бери күйөөсү телефон аркылуу коркутуп келет. Ал эми быйыл июль айында аял Россияда жүргөн учурда жолдошу Россиядан Ошко келип, балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүн алып кетип калган. Жакында аял сотко ажырашуу боюнча арыз менен кайрылган. Азырынча сот отуруму боло элек.

Видеодогу эркек киши Россиянын жараны болгондуктан учурда Москва шаарында жашайт.

Ош шаардык милициясы аялдын арызы боюнча ар тараптуу териштирүү иштери жүрөрүн, бул боюнча ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгү менен иш алып барарын билдирди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Милиция Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>