Түркиянын президенти кыргыз куткаруучуларын сыйлады

Түркиянын президенти кыргыз куткаруучуларын сыйлады

25-апрелде Түркиянын Анкара шаарындагы Президенттик сарайда Түркиянын түштүк-чыгышында ушул жылдын 6-февралында болгон жер титирөөлөрдөн улам куткаруу иштеринде жана кырсыктын кесепеттерин жоюуда олуттуу жардам көрсөткөн чет өлкөлүк издөө-куткаруу топторуна жана дипломаттарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин улук лейтенанты Темирлан Жумамүдүновго Түркиянын «Адамдарды куткаруудагы эрдиги жана жан аябастыгы үчүн» жогорку даражадагы Мамлекеттик медалын, ошондой эле Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакпаевге Ардак грамота тапшырды.

Сыйлоо аземине өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жана министрдин биринчи орун басары Азамат Мамбетов катышты.

Белгилей кетсек, кыргызстандык куткаруучулар Түркиянын Кахранманмараш жана Хатай шаарларында издөө-куткаруу иштерин ийгиликтүү жүргүзүп, натыйжада урандылардын арасынан 8 адам куткарылып, каза болгон 198 адамдын сөөгү чыгарылган.

Мындан тышкары, Кыргызстан жабыркагандарга алгачкы медициналык жардам көрсөтүү үчүн талаа ооруканасын, ошондой эле Кахранманмараш шаарында боз үй шаарчасын тапшырган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>