Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде 23 бейтап ооруканадан айыгып чыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн брифингде саламаттык сактоо министри Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылгандар: Бишкек ш. – 20, Нарын облусунда – 1, Жалал-Абад облусунда – 2.
Республика боюнча жалпы 1015 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.