Кырчында 77 жаштагы карыянын жүрөгү кармап, Балыкчыга тик учак менен жеткирилди

03.09.2026 | 14:54
Кырчында 77 жаштагы карыянын жүрөгү кармап, Балыкчыга тик учак менен жеткирилди — Новости Кыргызстана

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жаткан учурда 77 жаштагы жарандын жүрөгү кармап, Кырчын жайлоосунан Балыкчы шаарындагы ооруканага тик учак менен жеткирилди. Эвакуация Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тик учагы менен ишке ашырылган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Бейтапка стенокардия жана гемодинамикалык туруксуздук диагнозу коюлган. Буга чейин Ош шаарында ага коронардык артерияга стент коюу операциясы жасалган. Адистер бейтапты көзөмөлгө алуу жана дарылоону улантуу үчүн Балыкчыдагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун филиалына которуу чечимин кабыл алышкан. Аталган борбордо коронарография жүргүзүү жана кайрадан стент коюу каралган.

Министрликтин маалыматында, эвакуация эч кандай кыйынчылыксыз өткөн. Учурда бейтап интенсивдүү терапия палатасында дарыгерлердин көзөмөлүндө турат. Зарыл болгон анализдер алынып, дарылоо улантылууда.

Scroll to Top