«Акырындык менен, шашпастан»: Путин ШКУнун кеңейиши тууралуу

02.09.2026 | 11:02
«Акырындык менен, шашпастан»: Путин ШКУнун кеңейиши тууралуу — Новости Кыргызстана

Орусиянын Президенти Владимир Путин Бишкектеги Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинен кийинки маалымат жыйынында уюм катышуучулардын санын көбөйтүүнү жактай турганын, бирок кеңейүү акырындык менен жана уюмдун жалпы принциптерин эске алуу менен жүрүшү керектигин билдирди.

ШКУнун андан ары кеңейүү потенциалы тууралуу суроого жооп берип жатып, Путин уюм Советтер Бирлиги тарагандан кийин пайда болгонун жана башында чек арадагы мүмкүн болгон чыр-чатактарды алдын алуу жана коопсуздук чөйрөсүндөгү кызматташтыкты чыңдоо үчүн түзүлгөнүн эске салды.

Анын айтымында, убакыттын өтүшү менен бул аянтча маселелердин кыйла кеңири чөйрөсүн талкуулоого мүмкүндүк берери белгилүү болду.

«Мындай аянтчада коопсуздук эле эмес, башка маселелерди да: экономикалык өнүгүү, уюшкан кылмыштуулукка, баңгиликке, баңгизаттарды ташууга, терроризмге каршы күрөшүү маселелерин, андан кийин экология жана маданий өз ара аракеттенүү маселелерин да талкуулоого болору тез эле айкын болду», — деди Путин.

Орусиянын Президенти ШКУ өнүккөн сайын аймактагы башка мамлекеттер да уюмга катышууга кызыгуу көрсөтө баштаганын, анткени бул эң кубаттуу аймактык түзүмдөрдүн бири экенин белгиледи.

«Бул планетанын калкынын жарымынан көбү, же болжол менен ошондой, менимче, дүйнөлүк ИДПнын үчтөн бири. Жаратылыш ресурстарынын запастары кандай эбегейсиз, логистикасы өтө күчтүү, башкача айтканда, бул дүйнөнүн жарымы», — деди ал.

Орусиялык лидердин айтымында, так ушул уюмдун потенциалы башка мамлекеттердин ага кошулууга кызыкдар болушунун себептеринин бири болуп калды.

Путин бүгүнкү күндө ШКУ 10 мамлекетти бириктирерин, дагы 15 өлкө анын ишине башка форматтарда катышып жатканын белгиледи.

Жаңы мүчөлөрдү кабыл алуу мүмкүнчүлүгү тууралуу айтып жатып, Путин тиешелүү чечимдер уюмга мүчө мамлекеттерден көз каранды экенин баса белгиледи.

Ошону менен бирге, анын айтымында, ШКУнун катышуучулары тез кеңейүү бирикменин ишинин натыйжалуулугуна таасир этиши мүмкүн болгон кырдаалга жол бербөөнү маанилүү деп эсептешет.

«Бизде уюм кеңейип отуруп, жалпы ыкмаларды бөлүшпөгөн кандайдыр бир өлкөлөр же катышуучулар пайда болуп, аморфтук абалга кептелүүсүнө жол бербөө керек деген жалпы түшүнүк бар», — деди Орусиянын президенти.

Ошол эле учурда Путин ШКУ жаңы катышуучулар үчүн ачык бойдон калышы керектигин баса белгиледи.

«Биз бул уюмдун ачык болушун, мүчөлөрдүн санынын көбөйүшүн жактайбыз. Муну акырындык менен, шашпастан жасоону макулдаштык», — деди ал.

Орусиялык лидердин айтымында, ШКУнун ишине байкоочу катары кошулган мамлекеттер уюмдун ишмердүүлүгүнүн принциптерин түшүнүшү керек. Путин ШКУнун жагымдуулугунун себептеринин бири катары чечимдердин консенсус негизинде кабыл алынышын атады.

«Баардыгы консенсус жана макулдашуунун негизинде чечилет. Бул жерде эч ким эч кимге эч нерсени таңуулабайт», — деп белгиледи Орусиянын президенти.

Ал кошумчалагандай, ШКУ бардык катышуучу мамлекеттердин кызыкчылыктарына жооп бере турган биргелешкен чечимдерди иштеп чыгуу үчүн аянтча болуп саналат.

«Бул бардык мүчө өлкөлөрдүн пайдасына иштеген жалпы биргелешкен чечимдерди иштеп чыгуучу аянтча. Бул жагынан алганда, менимче, анын келечеги кең», — деп жыйынтыктады Путин.

Анара Мамытова

Биз ШКУнун ачык болушун жана анын мүчөлөрүнүн саны көбөйүшүн колдойбуз.

Владимир Путин

Постепенно, не спеша»: Путин — о расширении ШОС — Новости Кыргызстана

Россия Федерациясынын Президенти

Scroll to Top