Алагозов: Президенттин атынан 5 миң сомдон акча берилет деген маалымат жалганКелишпестиктерсиз, бирок олуттуу бурулушсуз дагы: саясат таануучу Сергей Кожемякин ШКУ саммитинин жыйынтыктары тууралууЛаостун президенти Тхонглун Сисулит КРдин Улуттук тарых музейине барды«Эки дисциплинада тең алтын»: Баяман Ниязов көк бөрү жана көкпардагы тактика тууралууАКШ Борбордук Азия өлкөлөрүнөн Иран менен соода байланыштарын үзүүнү талап кылды — AxiosКөчмөндөр оюндары: кыргызстандык спортчулар алыш күрөшүндө 3 алтын, 2 күмүш жеңишти
Көчмөндөр оюндары: кыргызстандык спортчулар алыш күрөшүндө 3 алтын, 2 күмүш жеңишти
03.09.2026 | 10:02

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтүп жаткан алыш күрөшү боюнча мелдештердин жыйынтыгында Кыргызстандын курама командасы 3 алтын жана 2 күмүш медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Мелдештер Чолпон-Ата шаарындагы «Газпром» дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо борборунда өттү. Ага 42 мамлекеттен 110 спортчу катышты.
Мелдештер классикалык жана эркин стиль боюнча өткөрүлүп, жыйынтык төмөндөгүдөй болду.
Классикалык стиль боюнча жыйынтыктар:
- 60 кг чейин: 1-орун — Илфат Мингалиев (Орусия), 2-орун — Роман Сапаров (Кыргызстан), 3-орун — Аболфазл Хейдаримен (Иран) жана Калмухан Турмаханбет (Казакстан).
- 80 кг чейин: 1-орун — Мыктыбек Өмүрзаков уулу (Кыргызстан), 2-орун — Мекхан Нурбердиев (Түркмөнстан), 3-орун — Ариз Нусейнов (Азербайжан) жана Артур Зулкарнаев (Азербайжан).
- 100+ кг: 1-орун — Ранис Гилиадинов (Орусия), 2-орун — Ливиа Малуда (Молдова), 3-орун — В. Нуйсейн (Болгария) жана Муханбаяр Баасанжав (Монголия).
Эркин стиль боюнча жыйынтыктар:
- 60 кг чейин: 1-орун — Баяман Абидинов (Кыргызстан), 2-орун — Абдурасул Дурдиев (Түркмөнстан), 3-орун — Игор Бласзак (Португалия) жана Жандос Абубакиров (Казакстан).
- 80 кг чейин: 1-орун — Айболот Аманов (Кыргызстан), 2-орун — Силаберди Нуриев (Түркмөнстан), 3-орун — Денис Искомбаев (Орусия) жана Хатанболот Хурелбаатар (Монголия).
- 100+ кг: 1-орун — Нурмухаммед Байдогдиев (Түркмөнстан), 2-орун — Ахрорбек Абдукаимов (Кыргызстан), 3-орун — Ныямсерен Амбаланбаатар (Монголия) жана Нурсултан Кожагелди (Казакстан).
Мелдештердин жеңүүчүлөрүнө медалдардан тышкары акчалай сыйлыктар да каралган. Тактап айтканда, 1-орун үчүн 150 миң сом, 2-орунга 100 миң сом, ал эми 3-орунду алгандарга 80 миң сом берилет.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт