Бишкекте таштандыны кайра иштетүүчү заводдун экинчи этабынын курулушу башталды

12.06.2026 | 14:12
В Бишкеке началcя второй этап строительства мусороперерабатывающего завода — Новости Кыргызстана

Бишкекте тиричилик калдыктарын кайра иштетип, электр энергиясын өндүрүүчү заводдун экинчи этабынын курулушу башталды. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев капсула салуу аземине катышты. Бул тууралуу Минкабдын басма сөз кызматы билдирди.

Эске салсак, борбор калаадагы таштандыны кайра иштетүүчү завод 2025-жылдын 27-декабрында ишке киргизилген. Ал суткасына 1000 тонна калдык иштетүүгө ылайыкталган.

Экинчи этап аяктагандан кийин заводдун жалпы долбоордук кубаттуулугу суткасына 3 миң тоннага чейин жетет. Экинчи блок 2 миң тоннага эсептелген. Анын курулушу үч жылдын ичинде бүткөрүлөт деп пландалууда.

Бишкекте таштандыны кайра иштетүүчү заводдун экинчи этабынын курулушу башталды — иллюстрация

Адылбек Касымалиев аземде сүйлөгөн сөзүндө бул долбоордун борбор калаанын экологиясы үчүн маанисин белгиледи:

«Экинчи этаптын башталышы – бул Бишкектеги экологиялык кырдаалды түп-тамырынан жакшыртуу жана жашыл, таза, заманбап мегаполис түзүү боюнча масштабдуу демилгенин уландысы. Бул заводдун шаарга тийгизген пайдасын өзгөчө белгилегим келет: биринчиден, калдыктар көйгөйү чечилет; экинчиден, кошумча «жашыл» энергия булагы пайда болот; үчүнчүдөн, биз таза абаны жана саламат муундарды камсыз кылабыз».

Өкмөт башчынын маалыматына ылайык, бул этапты ишке ашыруу жыл сайын көмүр кычкыл газынын бөлүнүп чыгышын болжол менен 312 миң тоннага кыскартууга мүмкүндүк берет.

Теги: Бишкек
Scroll to Top