Адылбек Касымалиев БАЭ делегациясы менен туризм жана соода кызматташтыгын талкуулады

09.06.2026 | 12:56
Адылбек Касымалиев БАЭ делегациясы менен кызматташтык келечегин талкуулады — новости Кыргызстана

Бүгүн, 9-июнда, Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) делегациясын кабыл алып, туризм, авиакаттамдар жана соода тармагындагы кызматташтыктын келечегин талкуулады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Адылбек Касымалиев жолугушууда БАЭ Жакынкы Чыгыш аймагындагы маанилүү экономикалык өнөктөш экенин белгилеп, Кыргызстан өз ара пайдалуу багыттар боюнча тыгыз иштешүүгө даяр экенин билдирген.

Ошондой эле БАЭ делегациясына жана «Air Arabia» авиакомпаниясынын жетекчилигине 2026-жылдын мартында Кыргызстандын жарандарын аталган өлкөдөн эвакуациялоого көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирген. Бул көмөгү үчүн аларга Министрлер кабинетинин Ардак грамоталарын жана ыраазычылык баракчаларын тапшырган.

Мындан тышкары тараптар Кыргызстанда туризмди өнүктүрүү, авиакаттамдардын географиясын кеңейтүү жана өлкөнүн масштабдуу долбоорлоруна инвесторлорду тартуу боюнча чараларды көрүүнү макулдашышкан.

Scroll to Top