Россия Кыргызстанга орус тилинде окуткан 9 мектеп куруп берет

Россия Кыргызстанга орус тилинде окуткан 9 мектеп куруп берет

Россия Кыргызстанга орус тилинде окуткан 9 мектеп куруп берет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билим берүү министринин биринчи орун басары Бекжан Супаналиев билдирди.

Комитеттин жыйынында Кыргызстан менен Россиянын өкмөттөрүнүн гранттык келишимди карап, биринчи окууда колдоп берди.

Супаналиевдин айтымында, Россия 9 мектепти курууга Евразиялык өнүктүрүү банкы аркылуу акча бөлөт. Мектептер ар бир облуста жана Бишкек менен Ош шаарларында жайгашат.

Мектептердин курулушуна Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду жоопту болот. Курулуш аяктагандан кийин алар Кыргызстанга кайтарымсыз негизде өткөрүп берилет.

Мектептерде кыргыз тили окутулат, ал эми билим берүү орус тилинде жүргүзүлөт. Бул мектептерде билим алган балдар аралаш система — Кыргызстандын жана Россиянын билим берүү программасы боюнча окутулат.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>