Кытайдын Мамлекеттик Кеңешинин Премьери Кыргызстанга келди

Кытайдын Мамлекеттик Кеңешинин Премьери Кыргызстанга келди

Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик Кеңешинин Премьери Ли Цян Кыргызстанга расмий сапары менен келди.  Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.

“Манас” эл аралык аэропортунан Ли Цянды министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды. Андан соң, өлкөгө расмий сапар менен келген Ли Цянды расмий тосуп алуу аземи болуп өттү.

Расмий тосуп алуу аземине карата “Манас” эл аралык аэропортунда Кыргызстандын жана Кытайдын мамлекеттик желектери илинип, Ардак кароол тизилди.

Акылбек Жапаров менен Ли Цян бири-бири менен учурашкандан соң, Кыргызстандын жана Кытайдын мамлекеттик гимндери жаңырды. Ардак кароол ротасынын командиринин рапортунан кийин тараптар тизилген жоокерлердин алдынан өтүштү.

Андан кийин Акылбек Жапаров жана Ли Цян өздөрүнүн расмий делегацияларынын мүчөлөрүн тааныштырды.

Белгилей кетсек, Ли Цян расмий сапарынын алкагында президент Садыр Жапаров жана министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен эки тараптуу жолугушуулары өткөрүлөт, анын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлат.

Ошондой эле, Ли Цян үстүбүздөгү жылдын 26-октябрында Бишкек шаарында өтө турган Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>