Россиянын “кара тизмесинде” 47 миңден ашуун кыргызстандык бар

Россиянын “кара тизмесинде” 47 миңден ашуун кыргызстандык бар

2023-жылдын сентябрынын аягына Россияга  кирүүгө тыюу салынган (“кара тизме”) кыргызстандыктардын саны 47 миңден ашты. Бул тууралуу Эмгек министрлиги билдирди.

Мекеме мигранттарга “кара тизмеден” чыгуунун жолдорун сунуштайт.

Министрликтин маалыматында, ал үчүн мамлекеттик ооруканага анализ тапшырып, сифлис, кургак учук илдеттери жоктугун тастыктаган маалымкат алыш керек.

Андан кийин Роспотребнадзордун электрондук  дарегине (https://petition.rospotrebnadzor.ru/petition) кайрылуу жолдойт. Ага паспортун көчүрмөсүн тиркеп, жашаган дареги, почта дареги, телефон номур, электрондук дарек көрсөтүлүшү зарыл.

Роспотребнадзор сиздин маалыматтарга ынанса,  Россиянын аймагына кирүүгө 3 айга уруксат берет. Бул чечимден кийин мигрант 1,5 ай өткөн соң гана бара алат.

Миграция министрлиги Россияга келгенден кийин мигрантарга милдеттүүтүрдө медициналык кароодон жана дарылануудан өтүү зарылдыгын эскертет.

Ал дарылануудан өткөндөн кийик ф-001 справкасын жана паспортунун көчүрмөсү менен Роспотребнадзорго алып барып тапшырып, “кара тизмеден” биоротоло чыгат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>