U-23: Бекзат Алмаз уулу дүйнө чемпионатында коло үчүн күрөшөт

U-23: Бекзат Алмаз уулу дүйнө чемпионатында коло үчүн күрөшөт

Эркин күрөш боюнча спортчу Бекзат Алмаз уулу 23 жашка чейинки (U-23) балбандар арасында өтүп жаткан дүйнө чемпионатында коло байге үчүн күрөшөт.

57 кг салмакта күрөшкөн кыргызстандык балбан 24-октябрда беттештерин баштаган. 1/8 финалдагы биринчи кармашында түркиялык Юсуф Демирди 11:2 эсебинде уткан. Андан кийин чейрек финалда бейтарап туунун алдында күрөшүп жаткан Дмитрий Шамелодон күчтүү чыккан. Беттеш 9:1 эсебинде жыйынтыкталган.

Ал эми жарым финалда Бекзат Алмаз уулу дагы бир бейтарап туунун алдында чыккан Начын Монгуш менен күч сынашкан. Эсеп 6:6 эсебинде тең чыгуу менен акятап, бирок артыкчылык упай атаандашында болгондуктан, жеңиш Начын Монгушка ыйгарылган.

Жыйынтыгында кыргызстандык балбан коло байге үчүн күрөшө турган болгон. Аталган беттеш бүгүн, 25-октябрда өтөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>