Садыр Жапаров Бишкектеги футболдук мелдешке катышат

02.12.2022 | 09:44

Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда 14-15-декабрда футбол боюнча “Мурас” достук мелдеши өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол бирикмесинен билдиришти.

“Газпром” спорт комплексинде (“Арча-Бешик”) жана Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтүүчү спорттук иш-чарага 16 команда катышат.

“Турнирдин жобосуна ылайык, командалар 4 тайпага 4 командадан бөлүнөт. Алар тайпалык баскычта бир тур ойноп, андан соң финалдык этап болот. Турнирдин максаты – сергек жашоо образын жайылтуу, өлкөдө футзалды популяризациялоо жана коомдун түрдүү катмарынын өкүлдөрүнүн ортосунда достук жана расмий эмес мамилелерди өнүктүрүү”, – деп айтылат маалыматта.

Турнирге төмөнкү комндалар катышат:

  • Президенттин командасы
  • Маданият өкүлдөрү – “Өнөр”
  • Белгилүү ишкерлер – “Бизнес”
  • Массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү – “Журналисттер”
  • Футбол ардагерлери – “Алга”
  • Спорт федерацияларынын жетекчилери – “Спорттук федерациялар”
  • Жогорку Кеңештин депутаттары – “Жогорку Кеңеш”
  • Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шаарлардын мэрлери, райондордун акимдери – “Аймактар”
  • Дин өкүлдөрү – “Ыйман”
  • Кыргызстандагы чет мамлекеттердин элчилери – “Элчилер”
  • Ооруканалардын башкы дарыгерлери – “Ден соолук”
  • Окуу жайлардын директорлору, ЖОЖдордун ректорлору – “Билим”
  • Сот бийлигинин өкүлдөрү – “Фемида”
  • Күч түзүмдөрүнүн жетекчилери – “Коопсуздук”
  • Белгилүү спортчулар – “Спорт жылдыздары”
  • Кыргыз Республикасынын элдеринин ассамблеясы, диаспора лидерлери – “Достук”

Иш-чара Кыргыз футболдук союзунун жана КР президентинин администрациясынын демилгеси менен уюштурулган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top