Ош облусунда балдардын өлүмүн азайтуу чаралары талкууланды — статистика

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Ош облусунда ымыркайлардын жана балдардын өлүмүн төмөндөтүү маселелери боюнча штабдын жыйыны өттү.
Анын маалыматы боюнча, 2026-жылдын (түп нускадагы ката боюнча которулду – ред.) биринчи чейрегинин жыйынтыктары чыгарылып, бир катар көрсөткүчтөр боюнча оң динамика белгиленди жана өлкөнүн түштүк аймагында балдардын ден соолугун коргоону күчөтүү боюнча кошумча чаралар аныкталды.
Алсак, аталган мезгилде аймакта бир жашка чейинки балдардын өлүмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 94төн 56га чейин азайган.
Өлүк төрөлүү учурлары 62ден 28ге чейин кыскарып, ымыркайлардын өлүмүнүн көрсөткүчү ар бир миң тирүү төрөлгөн балага 14,8ден 11,1ге чейин төмөндөгөн. Ал эми беш жашка чейинки балдардын арасында өлүм учурлары 115тен 71ге азайган.
«Катышуучулар ымыркайлардын жана балдардын өлүмүнүн көрсөткүчтөрүн карап чыгышты, өлүмдүн себептерин талдап, ошондой эле баштапкы медициналык-санитардык жардам уюмдарынын жана стационарлардын деңгээлинде балдарга медициналык жардам көрсөтүүнү уюштуруунун сапатын баалашты», — деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.
Ошондой эле балдардын өлүмүнүн бардык учурлары деталдуу каралып, патронаждык байкоону уюштурууда, диспансерлештирүүдө жана медицина кызматкерлеринин үй-бүлөлөр менен өз ара аракеттенүүсүндөгү кемчиликтер аныкталган.
Тобокелдик факторлорун эрте аныктоого, жаңы төрөлгөн ымыркайларга патронажды сапаттуу жүргүзүүгө, ата-энелерге кооптуу белгилер (симптомдор) жөнүндө өз убагында маалымат берүүгө жана алдын алуу (профилактикалык) иштерин күчөтүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Жыйындын жыйынтыгы менен саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерине КР Саламаттык сактоо министрлигинин клиникалык протоколдорунун жана ченемдик укуктук документтеринин аткарылышын көзөмөлдөөнү күчөтүү, балдарга көрсөтүлүүчү медициналык жардамдын сапатын жогорулатуу жана ведомстволор аралык кызматташууну өркүндөтүү тапшырылды.