Кыргызстанда трансчек аралык кагазсыз соода боюнча Улуттук жол картасы иштелип чыктыКылмыштуу активдерди кайтаруу жана ачыктык: Башкы прокуратура Бакудагы жыйындаСадыр Жапаров геосаясий өзгөрүүлөрдүн шартында ТМУнун ролу өсүп жатканын билдирдиЖАМКнын тергөөчүсү 100 миң сом талап кылууга шектелип кармалдыBinance’тагы хакердик чабуулдан кийин жарандарга коопсуздук чараларын күчөтүү сунушталдыБир нече айга гана жетти: Айтматов — Толстой көчөлөрүндөгү жаңыланган каптама түшүп жатат
Мал ээлери эми «Түндүк» тиркемесинен өз малдары тууралуу маалыматтарды көрө алышат
09.10.2026 | 10:12

Эми мал ээлери «Түндүк» тиркемеси аркылуу өздөрүнүн атына катталган малдар тууралуу маалымат ала алышат. Бул үчүн Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыттар жана тоют кызматынын малдарды идентификациялоо жана көзөмөлдөө системасы тиркеме менен интеграцияланды.
Эгер мал тизмеде жок болсо же маалыматтарда так эместиктер аныкталса, мал катталган жердеги ветеринардык адиске кайрылуу керек.
Айыл чарба министрлигинин маалыматына караганда, бул интеграция жарандардын өздөрүнө таандык мал тууралуу маалыматка жетүүсүн жеңилдетип, мамлекеттик кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: Тундук