Садыр Жапаров Орусиянын аймактарына өнөр жай жана IT тармагындагы долбоорлорду сунуштады

Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарында Орусия Федерациясынын аймактарынын жетекчилери менен жолугушуу өткөрдү, деп билдирет мамлекет башчысынын басма сөз кызматы.

Анын маалыматына караганда, тараптар аймактар аралык байланыштарды бекемдөөнү, соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүнү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты.

Президент Красноярск шаарында өткөн мурунку Кыргыз-Орусия аймактар аралык конференциясы жогорку натыйжалуулукту көрсөткөнүн белгиледи.

Анын айтымында, форум жана конференция эки өлкөнүн мамлекеттик органдарынын, ишкер чөйрөлөрүнүн жана аймактарынын ортосундагы түз диалог үчүн суроо-талапка ээ болгон аянтча катары өзүн көрсөтө алды.

Жапаров Кыргызстанда өтүп жаткан VIII Кыргыз-Орусия экономикалык форуму жана XII Кыргыз-Орусия аймактар аралык конференциясы эки тараптуу өнөктөштүктүн өнүгүшүнө кошумча түрткү берерине ишенимин билдирди.

Мамлекет башчысы кызматташуунун келечектүү багыттарынын катарында өнөр жай, фармацевтика жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү тармагында биргелешкен ишканаларды (өндүрүштөрдү) түзүүнү, ошондой эле экономиканы санариптештирүүнү жана заманбап технологияларды киргизүүнү атады.
Инновациялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Кыргызстан орусиялык өнөктөштөргө Жогорку технологиялар паркынын жана “Тамчы” атайын каржылык инвестициялык аймагынын мүмкүнчүлүктөрүн сунуштоого даяр.

Өз кезегинде орусиялык аймактардын жетекчилери жетишилген макулдашуулар эки тараптуу экономикалык кызматташуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарына ишеним билдиришти.
Алар агроөнөр жай комплексинде, IT-чөйрөсүндө жана туризм тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурушту.