Кыргызстанда конфискацияланган дары-дармек өсүмдүктөрүн сатуу сунушталууда

Кыргызстанда мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынган сейрек кездешүүчү жана баалуу дары-дармек өсүмдүктөрүн сактоонун, сатуунун жана жок кылуунун жаңы эрежелерин бекитүү сунушталууда. Министрлер кабинетинин тиешелүү токтом долбоорун Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги иштеп чыкты. Документ коомдук талкууга чыгарылды.
Негиздеме-маалымкатта белгиленгендей, жапайы өскөн айрым дары-дармек өсүмдүктөрү жаратылышты коргоо жана экономикалык жактан жогорку баалуулукка ээ, ошондуктан алар мыйзамсыз чогултуунун, даярдоонун, ташуунун жана сатуунун объектисине айланууда.
Мындай өсүмдүктөрдүн мыйзамсыз жүгүртүлүшү табигый экосистемаларга зыян келтирип, алардын табигый популяциясынын азайышына алып келет жана Кыргызстандын биоартүрдүүлүгүнө коркунуч туудурат.
Ошол эле учурда, колдонуудагы мыйзамдар алынган мүлктү иштетүүнүн жалпы эрежелерин гана белгилейт, бирок дары-дармек өсүмдүктөрүнүн өзгөчөлүктөрүн: алардын түрүн, абалын, сапатын жана сактоонун чектелген мөөнөттөрүн эске албайт.
Жаратылыш ресурстары министрлиги атайын эрежелердин жоктугу мындай чийки затты эсепке алууну жана сактоону, ошондой эле аны андан ары сатууну же жок кылууну татаалдаштырып жатканын белгилейт.
Документке ылайык, соттун чечими менен конфискацияланган сейрек кездешүүчү жана баалуу дары-дармек өсүмдүктөрү атайын реестрге киргизилет. Аларды сатууга Жаратылыш ресурстары министрлиги жооптуу болот.
Бул учурда, сатылганга чейин өсүмдүктөр аларды тартып алган органда же адистештирилген уюмда сакталат.
Конфискациялоо жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин, өсүмдүктөрдү тартып алган орган беш жумушчу күндүн ичинде керектүү документтерди курчап турган чөйрөнү коргоо ведомствосуна жөнөтүшү керек.
Электрондук аукциондор аркылуу сатуу
Өсүмдүк чийки затын ачык электрондук аукциондор аркылуу сатуу сунушталууда.
Тооруктарга (аукционго) фармацевтикалык ишмердүүлүккө уруксаты бар же өсүмдүк чийки затын экспорттоо менен алектенген юридикалык жактар жана жеке ишкерлер катыша алышат.
Сатып алынган өсүмдүктөрдү өнөр жайлык кайра иштетүүгө, дары-дармек чыгарууга же экспорттоого пайдаланууга уруксат берилет.
Баштапкы баасы минкаб бекиткен өсүмдүктөр дүйнөсүнө келтирилген зыяндын ордун толтуруу ставкаларынын негизинде аныкталат.
Сатуудан түшкөн бардык каражаттар республикалык бюджетке которулат.
Илимий изилдөөлөр үчүн өткөрүп берүү
Долбоор ошондой эле өсүмдүктөрдү мамлекеттик илимий мекемелерге, анын ичинде Улуттук илимдер академиясынын институттарына акысыз өткөрүп берүү мүмкүнчүлүгүн карайт. Бул үчүн илимий уюм изилдөөнүн максаттарын, мөөнөттөрүн жана программасын көрсөтүү менен расмий кайрылуу жолдошу керек.
Мында алынган чийки затты коммерциялык максатта колдонууга же кайра сатууга тыюу салынат.
Жок кылуу тартиби
Ал эми колдонууга жараксыз, анын ичинде бузулган, чириген же зыянкечтерге чалдыккан өсүмдүктөр милдеттүү түрдө жок кылынат (утилдештирилет).
Алардын абалына баа берүү үчүн курчап турган чөйрөнү коргоо ведомствосунун, мамлекеттик мүлктү башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн жана тиешелүү адистердин катышуусунда атайын комиссия түзүү каралган.
Комиссия чийки затты карап чыгып, жок кылуунун себептери көрсөтүлгөн акт түзүшү керек болот.
Мындан тышкары, долбоор электрондук аукциондо сатылбай калган өсүмдүктөрдү да жок кылууну карайт. Аны соода өткөн жок деп таанылгандан кийин он жумушчу күндүн ичинде уюштуруу зарыл.
Өсүмдүктөрдү өрттөө, атайын полигондорго көмүү же башка коопсуз ыкмалар менен жок кылууга уруксат берилет. Бул процесс сөзсүз түрдө сүрөткө тартылып бекитилиши керек.
Ташуу, экспертиза жүргүзүү жана жок кылуу боюнча чыгымдар өсүмдүктөрдү тартып алган органдын мойнуна жүктөлөт.
Анара Мамытова