УКМК синтетикалык баңгизаттарды чыгарган жашыруун лабораторияны аныктадыСССР кол салуу болорун билгенби? Эксперт согуш алдындагы аскердик чалгындоонун ролу тууралууОшто жаңы «Жибек жолу» базары ачылдыБишкекте дайынсыз жоголгон бир туугандар изделүүдөТМУ өлкөлөрү сот тажрыйбасын алмашуу үчүн бирдиктүү онлайн платформа түзүшөт22-июнь: Өлкө боюнча жамгыр жаап, күн күркүрөшү күтүлөт
Санкт-Петербургда кыргызстандык мигранттар массалык түрдө ууланды
06.10.2022 | 09:12
Санкт-Петербургда кыргызстандык мигранттардын массалык уулануусу болгонун жергиликтүү маалымат каражаттары жазышты.
Петроград районундагы жатаканалардын биринде Кыргызстандын 30га жакын жараны ичеги-карын инфекциясына чалдыкканы аныкталган. Алардын баары Боткин ооруканасына жаткырылды. Роспотребнадзор жатаканадан суунун жана тамак-аштын үлгүлөрүн экспертизага жөнөттү.
Милицияга Адмирал Лазарев көчөсүндөгү жатаканадан Боткин атындагы ооруканага Кыргызстандын 27 жараны жаткырылганы жана алардын бардыгы «Прайдекс» ЖЧКсынын жумушчулары экендиги маалымдалган.
Жарандар ичеги-карын инфекциясынын белгилери менен ооруканага жаткырылды, абалы канааттандырарлык жана орточо оор деп бааланууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар