СССР кол салуу болорун билгенби? Эксперт согуш алдындагы аскердик чалгындоонун ролу тууралуу

Нацисттик Германиянын кол салуусу Советтер Союзу үчүн күтүүсүз болду беле, аскердик чалгындоо кандай ролду ойногон жана эмне үчүн бул окуялардын тегерегиндеги талаш-тартыштар ушул күнгө чейин басылбай келет? Reporter.kg сайтынын кабарчысы улуттук коопсуздук боюнча эксперт Таалайбек Жумадылов менен СССР жетекчилиги коркунучтун масштабын канчалык деңгээлде түшүнгөндүгү, чалгындоо тармактары кандай иштегени жана эмне үчүн согушка даярдык көрүү маселеси ондогон жылдар өткөндөн кийин да талкуу жаратып келе жаткандыгы тууралуу маектешти.
— Эмне үчүн Советтер Союзунун жетекчилиги үчүн нацисттик Германиянын кол салуусу күтүүсүз болуп калды? Аскердик чалгындоонун шифрленген маалыматтары болгон эмес беле?
— Биринчи кезекте мен бул маселени кененирээк карагым келет — Кызыл Армиянын Башкы чалгындоо башкармалыгынын (БЧБ/ГРУ) көз карашы менен гана эмес, жалпы мамлекеттик мамиле позициясынан.
Мен толук ишенем жана менимче, тарыхый документтер да муну ырастайт: биздин чоң өлкөбүздүн, жалпы Мекенибиздин жогорку аскердик-саясий жетекчилиги маалыматка ээ болгон.
«Тынчтыкты кааласаң — согушка даярдан» деген белгилүү сөз бар. Конфликттин алдын алуунун жана коопсуздукту камсыз кылуунун эң натыйжалуу жолу — күчтүү жана күжүрмөн армияга ээ болуу.
Бул принцип мамлекетке гана тиешелүү эмес — аны күнүмдүк жашоого, бизнеске, психологияга да колдонсо болот. Коркунучтун алдын алуу же зыянды азайтуу үчүн мүмкүн болуучу терс кесепеттерге алдын ала даярдануу зарыл: стресске туруктуулукту өнүктүрүү, ар кандай сценарийлерге даяр болуу, бекемдиктин запасын (резерв) түзүү.
Согуш темасына кайтып келсек, Иосиф Сталин, кеңири таралган түшүнүккө карабастан, чечимдерди жалгыз өзү кабыл алган эмес — Саясий бюро, ал эми кийинчерээк Жогорку Башкы командачылыктын Ставкасы болгон.
Ал эми Жарандык согуш аяктагандан кийинки бардык мамлекеттик саясат мүмкүн болуучу ири аскердик конфликтке даярданууга баш ийдирилген. Сталин советтик өнүгүү модели батыш мамлекеттери тарабынан кабыл алынбайт жана кагылышуу ыктымалдыгы сакталып калат деген ойдон улам ушундай кадамдарга барган.
Дал ушул логика менен коллективдештирүү жана индустриялаштыруу процесстери курулган. Өлкөнү өнүктүрүүнүн бүтүндөй стратегиясы согушка даярданууга багытталган.
Окуяларды стратегиялык перспективада карабагандар кол салуу күтүүсүз болду деп айтышы мүмкүн, бирок армия бир күндө эле пайда боло калбайт. Советтер Союзу ырааттуу түрдө танк аскерлерин өнүктүрүп, курал-жарактын жаңы түрлөрүн, авиацияны, ок атуучу куралдарды жаратып, согушту жүргүзүүнүн тактикасын жана стратегиясын өркүндөткөн.
Башка маселе, ар кандай өлкө мындай окуялардын башталышын мүмкүн болушунча кечеңдетүүгө умтулат. Ал эми душмандын мөөнөттөрүн жана ниетин түшүнүү үчүн алдын ала маалымат алуунун атайын инструменттери бар. Алардын бири — атайын кызматтардын ишмердүүлүгү.

Ал мезгилде ВЧК (Контрреволюцияга жана саботажга каршы күрөшүү боюнча бүткүл россиялык өзгөчө комиссия — ред. эскертүүсү) жана ОГПУнун (Бириккен мамлекеттик саясий башкармалык — СССРдин мамлекеттик коопсуздугунун борбордук органы — ред. эскертүүсү) түзүмдөрүндө эл аралык мамилелер бөлүмү болгон. Коминтерндин жамынычы астында ал ыктымалдуу душман болгон өлкөлөрдөгү коммунисттик кыймылдын мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу менен саясий маалыматтарды алуу менен алектенген.
Ал эми аскердик-экономикалык чөйрөдөгү маалыматтарды чогултуу менен Башкы чалгындоо башкармалыгы — БЧБ (ГРУ) алектенген. Азыр бул Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинин Башкы башкармалыгы.
Аскердик чалгындоо потенциалдуу душмандын согушка кандайча даярданып жатканы жана ал качан болушу мүмкүн экендиги тууралуу маалыматты алууга гана багытталган.
Баса, кайра куруу доорунда, менимче, реалдуу көрүнүштү чагылдырбаган жана чындыкты бурмалаган көптөгөн тасмалар пайда болду. Маселен, Сталин жеке сапаттарынан улам адамдарга ишенген эмес жана чалгындоо маалыматтарына көңүл бурган эмес деген версия активдүү жайылтылган.
Бирок Японияда иштеген советтик чалгынчы Рихард Зоргенин мисалын эле алалы. Агентке легенда түзүү, аны өлкөнүн сыртына чыгаруу жана керектүү чөйрөгө киргизүү үчүн жылдар талап кылынат. Көпчүлүк биле бербейт, бирок советтик аскердик чалгындоо кызматы чет өлкөлөрдө бири-биринен көз карандысыз иш алып барган агентуралык ячейкалардын кеңири тармагын түзүүгө жетишкен.
1930-жылдардын башында эле Советтер Союзунун аскердик-саясий жетекчилиги Германияда Адольф Гитлер баштаган радикалдуу күчтөр бийликке келгенин жана тиешелүү чалгындоо жана контрчалгындоо структуралары түзүлө баштаганын түшүнгөн.
Мисалы, мага СССРдин Мамлекеттик коопсуздук комитетинин (КГБ) Жогорку мектебинде окуп жүргөндө легендарлуу чалгынчы Ким Филбинин лекцияларын угуу бактысы буюрган. Бул адам MI6’да чыгыш багытын жетектеген жана Советтер Союзу тарабынан 1933-жылы эле, студент кезинде жалданган.
Reporter.kg’нин маалымдамасы: Гарольд Адриан Рассел «Ким» Филби 1912-жылы 1-январда Индияда жергиликтүү раджанын сарайындагы британиялык чиновниктин үй-бүлөсүндө туулган. Ким деген ысымды ал Редьярд Киплингдин чыгармасынын каарманынын урматына алган. Абройлуу Вестминстер мектебинде окуп, 1929-жылы Кембридж университетинин Тринити-колледжине тапшырган. Ал жактан солчул чөйрөлөр менен жакындашып, университеттин Социалисттик коомуна кирген. Кийинчерээк Филби 1931-жылды өзү үчүн бурулуш учур деп атаган — лейбористтердин жеңилүүсү, фашизмдин таасиринин өсүшү жана саясий системадан көңүлү калуусу аны коммунисттер менен кызматташууга түрткөн.
Башкача айтканда, ошондо эле Коминтерндин жана ар кандай коомдук кыймылдардын жамынычы астында адамдарды кызматташууга тартуу боюнча иштер жүргүзүлгөн.
Филбинин тегин эске алуу менен, анын алдына акырындык менен карьера куруу милдети коюлган — алгач Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) аркылуу, андан кийин Улуу Британиянын атайын кызматтары аркылуу.
Демек, бул иш Улуу Ата Мекендик согуш башталардан көп мурун эле жүргүзүлгөн. Атүгүл немистик коопсуздук системасынын структурасында — Reichssicherheitshauptamt (RSHA) же Империялык коопсуздуктун башкы башкармалыгында — биздин агентуралык тармакка Rote Kapelle — «Кызыл капелла» деген ат берилген.
Тармакты өзүн «Капелла», радисттерди «пианисттер», ал эми билдирүүлөр берилүүчү радиостанцияларды «пианино» деп аташкан. Тармактык Европа боюнча иш алып барган. Биринчи кезекте Испания жана Италия приоритеттүү багыттар деп эсептелген.
Суроо туулат: эмне үчүн бул тармакты Улуу Ата Мекендик согуш башталганга чейин ача алышкан эмес? Анткени ар кандай чалгындоонун эң алсыз жери ар дайым байланыш каналдары болгон.
Бүгүнкү күндө санариптик платформалар, миллиарддаган колдонуучулар жана маалымат берүүнүн заманбап технологиялары бар. Ал кезде байланыштын негизги ыкмасы катары радиограммалар жана телеграммалар калган жана дал ушул багытта контрчалгындоо иштеген. Эфирге чыккан ар бир учур олуттуу тобокелдик болгон.
Немистер радиопеленгация системасын түзүүгө жетишкен — атайын топтор жылып жүрүп, сигнал булактарын аныкташкан.

1941-жылы согуш башталып, өзгөчө кырдаал жаралганда, радио берүүлөрдүн көлөмү кескин өсүп, аны менен бирге чалгындоо тармактарын аныктоо мүмкүнчүлүктөрү да жогорулаган. Адатта алгач радисттерди кармашкан, андан кийин алардын үй-бүлөлөрүнө чыгышкан, басым жасоо, сурактар, коркутуулар колдонулган.
Андан кийин бул чынжыр байланышчыларга, андан соң резиденттерге жана бүтүндөй тармакка алып барган. Ошондуктан Советтер Союзунун жогорку аскердик-саясий жетекчилигинде маалымат болгон эмес деген ырастоону мен жаңылыштык деп эсептейм.
Менин оюмча, өлкө жетекчилиги согушка даярдык көрүлүп жатканын билген жана чалгындоо маалыматтарынын топтомуна ээ болгон. Ооба, ал кезде спутниктик байланыш болгон эмес, бирок аэрофотосъемка (абадан сүрөткө тартуу), мобилизация, аскерлерди, резервдерди, азык-түлүк жана курал-жаракты которуу жөнүндө маалыматтар колдонулган. Мунун баары болуп жаткан окуялардын жалпы картинасын түзүүгө мүмкүндүк берген.
— Анда эмне үчүн Советтер Союзу даярдыксыз болгон деп эсептөө кабыл алынган?
— Эгерде конкреттүү чаралар жөнүндө сөз кылсак, 22-июнга чейин болжол менен эки жума мурун, болжол менен 8-июнда, Кызыл Армиянын Башкы штабынын мүмкүн болуучу кол салууга даярдануу жөнүндө буйругу таркатылган. Ошол эле учурда Молотов — Риббентроп пакты да күчүндө болгон.
Бирок, менимче, акыл-эстүү жетекчилер мындай келишимдер коопсуздукка абсолюттук кепилдик бербей турганын жакшы түшүнүшкөн. Ошондуктан аскерлер акырындап жайкы лагерлерге чыгарылып, талаа шарттарына которулган, ал эми чек ара бөлүктөрү тиешелүү көрсөтмөлөрдү алышкан.
Башка маселе, душмандын күчүн жана реалдуу мүмкүнчүлүктөрүн алдын ала толук баалоо мүмкүн эмес эле. Ал кезде Советтер Союзуна Германия гана каршы турган эмес — немис аскердик машинасына иш жүзүндө бүтүндөй бириккен Европанын: Франция, Бельгия, Чехия, Польша, Румыния жана башка өлкөлөрдүн өнөр жай потенциалы олуттуу түрдө иштеген.
Ошол учурда немис армиясы дүйнөдөгү эң мыкты даярдалган армиялардын бири катары эсептелген — ал мотордоштурулган, заманбап курал-жарактарга, күжүрмөн тажрыйбага жана кубаттуу өнөр жай базасына ээ болгон.
Советтер Союзу, албетте, өзүнүн реалдуу мүмкүнчүлүктөрүн — ресурстук, техникалык, кадрдык потенциалын баалаган жана ошондуктан согуштун башталыш мөөнөтүн максималдуу түрдө кечеңдетүүгө аракет кылган. Бирок буга жетишүү мүмкүн болгон жок.
Дагы бир маанилүү жагдай бар — экономиканы согуштук нукка буруу. Бул дагы «тынчтыкты кааласаң — согушка даярдан» деген принциптин бир бөлүгү.
Ошол учурга карата коргонуу ишканаларынын олуттуу бөлүгү өлкөнүн европалык бөлүгүндө — азыркы Украинанын аймагында жана Москванын айланасында жайгашып калган эле.
Согуш башталганда — тагыраагы, өлкө алдын ала даярдалган пландарды ишке ашырууга өткөндө — эвакуациялоо үчүн инфраструктура көп жагынан эбак эле каралганы белгилүү болду.
Маселен, Фрунзеге патрон чыгарган азыркы Ленин атындагы завод көчүрүлүп келген. Кандай гана инженер болбосун жакшы түшүнөт: жабдууларды жөн эле алып келип, дароо өндүрүштү баштоо мүмкүн эмес. Кирүүчү жолдорду, жүк түшүрүүчү аянтчаларды, оор станоктор үчүн фундаменттерди даярдоо керек. Эгерде пресстин салмагы ондогон тонна болсо, аны даярдалбаган бетке орнотууга болбойт. Ошондуктан мындай аянтчалар алдын ала түзүлгөн.
Мобилизациялык пландар — өзгөчө мезгилдеги аракеттердин пландары болгон. Инженердик-техникалык адистер кайсы ишканалар, кайсы мөөнөттө жана кайда эвакуацияланышы керектигин алдын ала билишкен.
Ушул пландарга ылайык, өлкөнүн чыгыш аймактарында инженердик-техникалык кадрлар алдын ала даярдалып, кесиптик-техникалык окуу жайлары ачылып, токарь, слесарь, фрезеровщик, энергетиктер окутулган. Башкача айтканда, даярдык алдын ала көрүлгөн.
Коргонууга, авиациялык жана химиялык курулушка көмөктөшүү коому — ОСОАВИАХИМ сыяктуу мисал да бул иштин масштабын көрсөтүп турат. Бул 1927-жылдан 1948-жылга чейин СССРде иш алып барган массалык ыктыярдуу коргонуу уюму болгон. Буга параллелдүү түрдө ар кандай курактагы адамдарды камтыган жана дене тарбия нормативдерин камтыган ГТО — "Эмгекке жана коргонууга даяр" системасы иштеген. Жарандарды курал менен иштөө көндүмдөрүнө үйрөтүүгө багытталган «Ворошилов аткычтары» кыймылы да бар болчу.
Мунун баары экономиканы жана коомду аскердик режимге мүмкүн болуучу өтүүгө даярдоонун бир бөлүгү болгон. Негизги элемент катары материалдык, сырьелук, энергетикалык, эмгектик жана интеллектуалдык ресурстарды мобилизациялоо кала берген.
Дал ушул мобилизациялык механизмдин эсебинен Советтер Союзу кыска мөөнөттүн ичинде аскердик продукцияны чыгарууну жолго коё алган. Маселен, буга чейин жарандык техника чыгарган ишканалар курал-жарак өндүрүүгө өткөн. Мындай өткөөл бир нече күндүн ичинде эле мүмкүн эмес — анын артында жылдар бою көрүлгөн даярдык турат.
Аскердик чалгындоо темасына кайрылсак, чет өлкөлөрдө агентуралык тармакты түзүү да узак процесс болгон. Бүгүнкү күндө гана адам өлкөлөр арасында салыштырмалуу эркин жүрө алат. Ал кезде мындай мүмкүнчүлүк болгон эмес. Легендалар жылдар бою түзүлүп, чалгынчыларга түзмө-түз бөлөк бирөөнүн жашоосу менен жашоого туура келген.
Маалымат алуунун эң ишенимдүү жолдорунун бири буга чейин калыптанган адамдар — белгилүү бир кызматты ээлеген жана мамлекеттик сырларга кирүүгө уруксаты бар адамдар аркылуу иштөө болгон. Ошондуктан чалгындоо жөнүндөгү тасмалар көбүнчө реалдуулукту өтө жөнөкөйлөштүрүп жиберет.
Аскердик чалгындоо менен кызматташкан көптөгөн адамдардын фамилиялары ушул күнгө чейин ачыктала элек жана балким, эч качан ачыкталбайт — бул окуялардын артында үй-бүлөлөр, балдар, неберелер жана бүтүндөй муундар турат. Чалгындоодо династиялар бар, ал эми маалыматтын бир бөлүгү ондогон жылдар өткөндөн кийин да жабык бойдон калат.
Андан да кызыгы, нелегал чалгынчылардын көптөгөн балдары ата-энелеринин чынында ким болгонун эч качан билишкен эмес.
Мисал катары мамлекеттер ортосундагы алмашуу окуяларын эстөөгө болот — анда адамдар ондогон жылдар бою бөлөк биография менен жашаганы белгилүү болгон.
— Сиз Вавиловдордун үй-бүлөсүн айтып жатасызбы? Ал АКШдагы университетте сабак берип, аялы фотограф болуп иштеп, америкада көпкө жашашкан эмеспи?
— Ооба. Алар дээрлик өмүр бою бөлөк биографиялар менен жашашкан. Же легендарлуу чалгынчы Рудольф Абелди алалы. Анын абдан терең ойлонулган легендасы болгон — ал фотограф болуп иштеген.
Бүгүн бул катардагы кесип сыяктуу көрүнөт, бирок ал кезде фотограф эркин жүрүүгө, ар кандай адамдар менен баарлашууга жана ар кыл чөйрөлөргө кирүүгө мүмкүнчүлүк алчу. Ошол эле учурда анын өзүнүн мамлекеттик сырларга түз кирүү уруксаты жок болушу мүмкүн эле — анын таланты башкада болгон. Ал керектүү маалыматты алып жүргөндөрдү таба билген жана жеке сапаттарынын аркасында керектүү маалыматтарды алууга мүмкүндүк берген мамилелерди кура алган.
Эгерде Манхэттен долбоорун — Улуу Британия менен Канаданын катышуусунда ишке ашырылган өзөктүк куралды түзүү боюнча америкалык программаны эстей турган болсок, менимче, бул советтик чалгындоонун ийгиликтүү ишинин эң көрүнүктүү мисалдарынын бири. Алынган маалыматтар советтик өзөктүк долбоордун түзүлүшүн кыйла тездетүүгө мүмкүндүк берген.
— Анын жаратуучусу Курчатов эмес беле?
— Албетте, Курчатовдун ролу абдан чоң. Ракеталык программаны өнүктүрүүдөгү Королевдун ролу сыяктуу эле. Советтер Союзунун өзөктүк калканын жана ракеталык технологияларын түзүүдө бул адамдардын маанисин эч ким төмөндөтөйүн деген жери жок.

Бирок ошол эле учурда өнөр жайлык жана технологиялык чалгындоону да эч ким жокко чыгара албайт.
Бул ачылыштар өз алдынча жасалган күндө да, буга кошумча жылдар жана кыйла чоң ресурстар кетиши мүмкүн эле. Курал-жарактын жана технологиялардын жаңы түрлөрүн жаратууда ар дайым туура эмес жол менен кетип калуу коркунучу болот.
Бул жерде чалгындоо башка функцияны аткарат — ал бөлөктөрдүн каталарын кайталабоого жана күч-аракетти эң перспективалуу багыттарга топтоого жардам берет. Чындыгында, бул изилдөө этабынан практикалык иштеп чыгууга тезирээк өтүүгө мүмкүндүк берет.
Чалгындоо өнөрү дал ушунда — керектүү адамдарды табуу, алардын мотивдерин түшүнүү, күчтүү жана алсыз жактарын көрүп, кызматташтыкты куруу. Мотивдер ар кандай болушу мүмкүн: идеологиялык, материалдык, кесиптик же жеке.
Ошондуктан бүгүнкү күндө, менимче, чалгындоо үчүн заманбап технологиялар чөйрөсүндө актуалдуу маалыматтарды алуу биринчи планга чыгууда.
Сөз биринчи кезекте жасалма интеллект, санариптештирүү, микроэлектроника, чиптерди иштеп чыгуу, ошондой эле учкучсуз системалар жөнүндө болуп жатат. Дал ушундай багыттар глобалдык атаандаштыктын жаңы аренасына айланууда.
Анара Мамытова