Катуу үн чыгарган унааларды пайдаланууга тыюу салуу сунушталуудаБаткенде аскер комиссариатынын кызматкери пара талап кылууга шектелип кармалдыСыймык Жапыкеев кыргыз тили боюнча тестти экинчи аракетинде тапшырдыТүнкүсүн үшүк жүрүп, күн ачык болот: 25-октябрга карата аба ырайыБишкекте аймактын келечегине арналган ири эл аралык форум өттүАкжол Махмудов Астанадагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты
УКМК синтетикалык баңгизаттарды чыгарган жашыруун лабораторияны аныктады
22.06.2026 | 10:28
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) синтетикалык баңгизаттар даярдалып жүргөн лабораторияны аныктап, бир нече кишини кармады.
Атайын кызматтын маалыматында, баңгизаттарды даярдоо жана аларды Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында сатуу менен алектенүүгө шектелип Н.А.Д., А.Ч.Х. жана Д.А.В. аттуу жарандар кармалды. Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо» беренеси боюнча иш козголду.
Учурда бул лабораториянын ишине тиешеси бар башка адамдарды жана баңгизат сатуу каналдарын аныктоо боюнча ыкчам-издөө иштери улантылып жатканы айтылды.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар


