«Көчмөндөр айылында» мыкты боз үй тандалат

02.09.2026 | 17:30
В «Көчмөндөр айылы» выберут лучшую кыргызскую юрту — Новости Кыргызстана

Кырчын жайлоосундагы «Көчмөндөр айылы» этномаданий шаарчасында «Мыкты кыргыз боз үйү» республикалык сынагы башталды. Салттуу көчмөн турак жайлардын кароо-сынагы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий программасынын алкагында өтүүдө.

Кыргызстандын бардык облустарынан келген усталар жана кол өнөрчүлөр боз үйдү тез жана туура тигүүнүн сырлары менен таймашып, байыркы техникаларын, нукура ички жасалгаларын, уникалдуу кийиз буюмдарын, шырдактарын жана үй-бүлөлүк реликвияларын көрсөтүшүүдө.

Сынактын башкы максаты — салттуу боз үйдү ЮНЕСКОнун рухий жана материалдык мурастарынын шедеври катары сактоо жана жайылтуу. Этношаарчанын меймандары ар бир боз үйгө кирип, аймактык жасалгалардын өзгөчөлүктөрүнө баа берип, көчмөндөрдүн турмушунун атмосферасына аралаша алышат.

Теги: ВИК
Scroll to Top