PISA 2025: Окуучулардын билимин баалаган изилдөөдө Кыргызстан 80-орунду ээледи

Окуучулардын билимин баалаган PISA 2025 эл аралык изилдөөсүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргызстан дүйнөнүн 91 өлкөсүнүн ичинен 80-орунду ээледи. Бул өлкө буга чейинки жыйынтыктардан 11 тепкичке көтөрүлдү дегенди билдирет. Жыйынтыктар аталган изилдөөнүн расмий сайтына бүгүн, 8-сентябрда, жарыяланды.
Ага ылайык, Кыргызстан төмөндөгүдөй жыйынтык көргөздү:
- Табигый илимдер – 363 балл;
- Окуу – 344 балл;
- Математика – 364 балл;
- Эсептөө аркылуу маселелерди чечүү – 388 балл.
Изилдөөдө эң жогорку жыйынтыкты Кытай көргөздү. Андан кийинки орунду Сингапур ээлесе, 3-орунда Макао (Кытай) турат. Ал эми эң төмөнкү жыйынтыкты (91-орун) Руанда көрсөттү.
Агартуу министрлигинин маалыматында, аталган изилдөөгө Кыргызстандын шаардык, айылдык жана алыскы аймактардагы 195 мектебинен 762 миңге жакын окуучу катышкан. Тестирлөө биринчи жолу компьютердик форматта кыргыз, орус жана өзбек тилдеринде жүргүзүлгөн.
Эске салсак, Кыргызстан аталган изилдөөгө 2006 жана 2009-жылдары катышып, акыркы орундарды алып келген. Агартуу министрлиги бул жолку катышуу Кыргызстан үчүн билим берүү системасынын абалын баалоо жана 2022-жылдан бери ишке ашырылып жаткан реформалардын натыйжалуулугун аныктоо үчүн маанилүү болуп саналарын билдирди.
PISA — Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмунун (ЭКӨУ) 15 жаштагы окуучулардын билимин практикада колдонуу жөндөмүн баалоочу программасы. Ал табигый-илимий, математикалык жана окуу сабаттуулугун текшерет. 2025-жылкы циклде табигый-илимий сабаттуулукка басым жасалган.

