Сейфинен 762,5 миң $ жоголгон бөлүм башчы казиного барган эмес, — Башкы прокуратура

Сейфинен 762,5 миң $ жоголгон бөлүм башчы казиного барган эмес, — Башкы прокуратура

Башкы прокуратуранын бөлүм башчысы Рустам Абдырасуловдун оюн-зоок жайына баргандыгы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Башкы прокуратура тарабынан жасалма документтердин негизинде 1 млрд. 478 млн. рубль акча чыгарып кетүү фактысы боюнча банк кызматкерлерине жана укук коргоо органдарынын кызмат адамдарына карата козголгон кылмыш иши тергелүүдө.

Ошондой эле, Башкы прокуратура тарабынан көрүлгөн чаралардын негизинде айыпталуучулардан 20 млн. АКШ доллары өндүрүлүп, каражат ээлерине, тактап айтканда россиялык ишкерлерге кайтарылган.

«Жабырлануучуларга келтирилген зыяндын калган суммасы, тагыраагы 762 500 АКШ доллар акча каражаты жума күнү, жумуш убактысынын аягында өндүрүлгөн. Банктардын иштөө мөөнөтү бул учурда аяктагандыгына байланыштуу, жогоруда көрсөтүлгөн акча каражатын бөлүм башчы Р.Абдырасулов кызматтык сейфте убактылуу сактап, банкка өткөрүп берүүгө тийиш болчу.

Бирок, апта башында Р.Абдырасулов 3 күн жумушка чыкпагандыгына байланыштуу, инвентаризация жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алынып, жыйынтыгы боюнча анын кызматтык сейфинде көрсөтүлгөн акчанын жок экендиги аныкталган.

Р.Абдырасулов акча каражатын кымырып алган деп шектелип, дароо кылмыш иши козголгон. Көрүлгөн чаралардын негизинде Башкы прокуратуранын бөлүм башчысы шектүү катары кармалган. Эртеси Р.Абдырасуловдун жакындары 762 500 АКШ долларын алып келип, тергөөгө өткөрүп берген», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, «Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө» мыйзамынын талаптарына ылайык, Кыргызстандын жарандары оюн-зоок жайларынын кардары боло алышпайт.

«Ошондуктан прокуратура кызматкери казиного, кумар оюн жайларына барган деген маалымат чындыкка дал келбейт. Анткени, кумар ойноочу жайларга барууга мыйзам тарабынан тыюу салынган, экинчиден мындай ири сумманы Р.Абдырасулов казиного уттурса, анда алар жогоруда айтылган сумманы кайтарып бермек эмес», — деп билдиришти Башкы прокуратурадан.

Учурда козголгон кылмыш иштин негизинде тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Ал эми, Рустам Абдырасулов камакта.

Буга чейин бир катар ЖМКлар ишенимдүү булактарына шилтеме берип, Рустам Абдрасулов 700 миң доллардан ашык каражатты сейфтен алып, букмекердик конторага уттуруп жибергенин жазышкан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>