Бишкекте кичи футбол боюнча «Евразия Кубогунун» экинчи турнири өттүБишкекте ШКУ өлкөлөрү «Жашыл технологиялык коридорду» түзүүнү макулдашышты«Амели» тасмасынын жылдызы Одри Тоту Бишкектеги кинофестивалдын ардактуу коногу болотКыргызстан менен Түштүк Корея экспортту жана өнөр жай кызматташтыгын кеңейтүүнү макулдашты23-майга карата аба ырайыСалт эмес, трагедия: ала качууну кайтарууга кимдер аракет кылууда
Сентябрда өлкөдө баалар 0,3 пайызга өстү
14.10.2023 | 17:02
2023-жылдын сентябрь айында ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде керектөө баалары жана тарифтери мурунку айга салыштырмалуу жогорулады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Маалыматка караганда, Кыргызстанда мурунку айда баалар 0,3 пайызга өскөн. Эң жогорку көрсөткүч Россияда байкалган (0,9 пайыз).
2022-жылдын аягына салыштырмалуу Кыргызстанда инфляция 6,8 пайызды түздү. Азык-түлүк мурунку жылдын декабрь айына карата 3,9 пайызга көтөрүлдү, андан башка товарлар кескин жогорулап, 9,3 пайызга кымбаттаган.
Август айында орточо айлык акы өлкөдө 0,6 пайызга жогорулады.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз