16-октябрда өлкөдө жаан-чачын күтүлбөйтБишкекте BTS, Backstreet Boys жана Дженнифер Лопестин концерттери өтүшү мүмкүнСадыр Жапаров Арменияга расмий сапар менен баратОш облусунда зыяндуу чегирткелердин кыштоочу жайлары аныкталуудаМанасчы Мамбет Чокмор уулунун 130 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өтөтКыргызстанда мотоциклдерди, мопеддерди жана скутерлерди мыйзамдаштыруу пландалууда
Ошто грек-рим күрөшү боюнча эл аралык турнир старт алды
14.10.2023 | 17:19
Ошто “Кыргыз-Иран достугу” спорт комплексинде 2008-2010-жылы туулган жаштар арасында спорт чебери, КРнын 17 жолку чемпиону Алым Ажыматовдун жаркын элесине арналган спорттун грек-рим күрөшү боюнча эл аралык турнир башталды. Бул тууралуу мэрия билдирди.
[image_carousel source=”media: 199352,199353,199354″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]
Эки күндүк мелдеште Кыргызстандын булуң бурчунан катышкан 400дөн ашуун спортчу күрөштүн 12 салмак категориясы боюнча күч сынашат.
Турнирдин жеңүүчүлөрүнө Ош шаарынын спорт комитети тарабынан медалдар, баалуу белектер жана кызыктыруучу сыйлыктар ыйгарылат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз