Бишкекте 13 жаштагы өспүрүм кыз үч күндөн бери изделүүдөМамлекеттик тууну үйүңүзгө илиңиз! Ошто патриоттук акция өтүүдөЖээнбек Кулубаев ШКУга мүчө мамлекеттердин улуттук координаторлорун кабыл алдыБишкекте Чүй проспектисинин жабылышына байланыштуу 16 автобустун каттамы убактылуу өзгөрөтОш шаарында бир нече негизги көчөлөр оңдолуп, пайдаланууга берилдиТүтүнсүз Көчмөндөр оюндары: Саламаттык сактоо министрлиги стадиондордо тамеки тартууга тыюу салынганын эскертти
Шашылыш билдирүү: Тоолуу аймактарда кар көчкү түшүүсү күтүлүүдө
31.03.2022 | 09:30
31-марттан 2-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, айрым аймактарында кар көчкү түшүүсү күтүлүүдө. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
- Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу),
- 98-255 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы),
- Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун 1-14 чакырымдарында (Өтмөк ашуусу),
- Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-76, 84-92 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу),
- Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4 чакырымдарында,
- Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 74-95-чакырымдарында,
- Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолунун 160-179 чакырымдарында (Талдык ашуусу),
- Сары-Таш-Дароот-Коргон-Карамык унаа жолунун 136-137 чакырымдарында (Батман-Көл айылы),
- 147-150 чакырымдарында (Кара-Тейит айылы),
- Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 289-305 чакырымдарында (Долон ашуусу, Кара-Үңкүр капчыгайы),
- Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 42-44 чакырымдарында (Ийри-Суу тилкеси),
- 60-94 чакырымдарында (Кара-Гөө ашуусу) жана Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-48, 65-90 чакырымдарында,
- Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун 52-68 чакырымдарында (Сөөк ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.
Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар