Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Шавкат Мирзиеев Кыргызстанга 9-декабрда келет
05.12.2022 | 17:13
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев Кыргызстанга 9-декабрда мамлекеттик сапар менен келет. Бул тууралуу бүгүн, 5-декабрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев билдирди.
Маалыматка караганда, Мирзиеевдин сапарынын алкагында бир катар документтерге кол коюлат.
Эскерте кетсек, буга чейин Шавкат Мирзиеев Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен декабрь айында келери кабарланган. Бирок анын так күнү айтылган эмес. Мирзиеевдин сапарынын алкагында кол коюла турган документтердин арасында кыргыз-өзбек чек арасы боюнча документтер бар.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом