Ысык-Көлдү туурасынан сүзүп дүйнөлүк рекордду жаңырткан Владислав Шулико Гиннес китебине акча каражаты жоктугунан кире албай жатат. Бул боюнча Дасмия» компаниясынын фитнес-директору Александр Кузнецов журналисттерге айтып берди. Ал азырынча канча каражат кетээрин так шардана кылбады. Болгону көп каражат кетээрин айтып, демөөрчү издеп жатканын билдирди.
Шулико Ысык-Көлдү туурасынан сүзүп, тактап айканда 181 чакырым аралыкты 6 күндө басып өтүп дүйнөлүк рекордду жаңырткан. Эми ал Гиннес китебине кирүүгө аракет кылып жатыптыр.