Дүкөндөрдө эми алакан менен төлөөгө болот: MBANK MPay Alakan технологиясын тааныштырдыКыргызстанда ишке орноштуруу агенттиктеринин кызматын акысыз кылуу сунушталууда«Бала менен ыктыярдуу жыныстык катнаш болбойт»: Бекешев жазаны жеңилдетүү жөнүндө7-октябрга карата Кыргызстандагы аба ырайынын божомолуБишкектин Асаналиев көчөсүндөгү темир жол өтмөгүндө унаа кыймылы чектелетЭкинчи ата-эненин макулдугусуз. Балдардын чет өлкөгө чыгуусу жеңилдетилиши мүмкүн
Соцфонд башчылары кызматтарынан кетишти
11.10.2021 | 11:45
Соцфонддун төрагасы Жаныбек Орозалиев кызматтан кетүү боюнча арыз жазды. Бул туурасында Reporter.kg′ге өздүк булактар билдирди. Маалыматка караганда, өз ыктыяры менен арыз жазган.
Айрым маалыматтарга караганда, Орозалиевдин кетүүсүнө Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиевдин сынынан кийин кетүүгө аргасыз болгон. Министр “24 саат иштей албай жатат” деп сындаган деген маалыматтар да айтылууда.
Орозалиев ушул жылдын май айында кызматка келген.
Мындан тышкары Соцфонддун төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаева да кызматтан кетти. Ал 2012-жылы орун басары болуп келген.
Азырынча Соцфонд расмий маалымат тастыктай элек.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат