Кыргызстандагы чет элдик элчиликтерди камсыздандыруу төгүмдөрүнүн бир бөлүгүнөн бошотуу сунушталууда

14.10.2026 | 09:18
Кыргызстандагы чет элдик элчиликтерди камсыздандыруу төгүмдөрүнүн бир бөлүгүнөн бошотуу сунушталууда — Новости Кыргызстана

Кыргызстанда чет мамлекеттердин элчиликтери менен консулдуктарын жумуш берүүчүнүн эсебинен төлөнүүчү камсыздандыруу төгүмдөрүнөн бошотуу сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоорун Социалдык фонд иштеп чыкты.

Негиздеме-маалымкатта белгиленгендей, өзгөртүүлөрдүн зарылдыгы чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин өзгөчө эл аралык-укуктук макамына байланыштуу.

Кыргызстан 1961-жылдагы Дипломатиялык мамилелер жөнүндө Вена конвенциясынын катышуучусу болуп саналат. Конвенциянын 33-беренесине ылайык, дипломатиялык агенттер өздөрү өкүлү болгон мамлекетке көрсөткөн кызматтары боюнча кабыл алуучу өлкөнүн социалдык камсыздоо жөнүндө мыйзамдарынын аракетинен бошотулат.

Ошол эле учурда Конвенциянын жоболору чет элдик элчиликтер менен консулдуктардын бардык кызматкерлерин милдеттүү социалдык камсыздандыруудан толук бошотууну караштырбайт.

Буга байланыштуу Соцфонд Кыргызстанда иштеп жаткан чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөнүн өзүнчө тартибин белгилөөнү сунуштоодо.

Элчиликтер менен консулдуктар жумуш берүүчүнүн эсебинен төлөнүүчү камсыздандыруу төгүмдөрүнөн бошотулат деп пландалууда. Бирок кызматкерлердин эмгек акысынан төгүмдөрдү эсептөө, кармап калуу жана которуу милдети сакталат.

Мыйзам долбооруна ылайык, чет элдик дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин кызматкерлери үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн төмөнкү тарифтери сунушталууда:

• 10% — пенсионерлерден тышкары, кызматкерлер үчүн. Бул сумманын 8%ы Пенсиялык фондго (ПФ), ал эми 2%ы Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондго багытталат;
• 8% — иштеп жаткан пенсионерлер үчүн (бүт сумма ПФга которулат);
• 10% — колдонуудагы мыйзамдын 11-1-беренесинде көрсөтүлгөн жалданма кызматкерлердин айрым категориялары үчүн (ПФга которуу менен);
• 2% — I жана II топтогу майыптыгы бар кызматкерлер үчүн (Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарынан жана аларга теңештирилген адамдардан, ошондой эле угуусу боюнча III топтогу майыптыгы бар кызматкерлерден тышкары).

Соцфонд кызматкерлердин эмгек акысынан кармалуучу камсыздандыруу төгүмдөрүн сактап калуу алардын пенсиялык укуктарын калыптандыруу үчүн зарыл экенин түшүндүрөт.

Мыйзам долбоору ошондой эле чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүн жана консулдук мекемелерин Кыргызстандын аймагында ишмердүүлүгү башталган учурдан тартып эле жумуш берүүчүнүн эсебинен камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн бошотууну карайт.

Ошол эле учурда буга чейин төлөнгөн камсыздандыруу төгүмдөрү кайтарылып берилбейт.

Негиздеме-маалымкатта түшүндүрүлгөндөй, Пенсиялык фонддун каражаттары жарандардын жеке камсыздандыруу эсептеринде эске алынат жана учурдагы пенсиялык төлөмдөрдү каржылоого жумшалат.

Мындан тышкары, чет элдик элчиликтердин айрым кызматкерлерине пенсия чегилип калган, ошондуктан мурда которулган каражаттарды кайтарып берүү Соцфонддун баамында мүмкүн эмес.

Иштеп чыгуучулар сунушталган өзгөртүүлөр Кыргызстандын эл аралык милдеттенмелерин эске алуу менен мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдардын бирдей колдонулушун камсыздайт деп эсептешет.

Мыйзам кабыл алынган учурда ал расмий жарыяланган айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып күчүнө кирет.

Анара Мамытова

Scroll to Top