Бишкекте Kaspi эсептерин ачуу үчүн кыргызстандыктарды азгырган схема аныкталды
Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Кылмыш иликтөө башкармалыгынын «К» бөлүмүнүн кызматкерлери Казакстандын аймагында Kaspi Bank мобилдик тиркемесинде банктык эсептерди жана аккаунттарды ачуу үчүн Кыргызстандын жарандарын азгыруу схемасын аныкташты. Бул тууралуу борбор калаанын ШИИББ басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, уюштуруучулар акчалай сый акы үчүн өз аттарына банктык эсептерди ачып, аларга кирүү мүмкүнчүлүгүн үчүнчү жактарга өткөрүп берүүгө даяр кыргызстандыктарды таап турушкан.
Бул үчүн азгырылган жарандарды Казакстанга жөнөтүп, алар ал жактан Kaspi Bank тиркемесинде эсептерди жана аккаунттарды каттоонун тиешелүү жол-жоболорунан өтүшкөн.
Каттоодон өткөндөн кийин банктык аккаунттарга кирүү мүмкүнчүлүгү буйрутмачыларга өткөрүлүп берилген. Бул аракеттерди аткаргандыгы үчүн жарандарга 10 миң сомдон төлөнгөн. Ал эми азгыруучу уюштуруучулар, өз кезегинде, буйрутмачылардан өзүнчө сый акы алып турушкан.
Ыкчам-издөө жана техникалык иш-чаралардын жүрүшүндө бул схеманы уюштурууга жана иштетүүгө тиешеси бар деп шектелген жарандар аныкталды.
Бишкек ШИИББдин Тергөө кызматына жалпысынан 13 адам жеткирилди, алардын арасында:
• 8 потенциалдуу дроппер — өз атына банктык эсептерди ачып, аларга кирүү мүмкүнчүлүгүн башкаларга өткөрүп берген жарандар;
• Жарандарды тартуу менен алектенген 2 уюштуруучу-азгыруучу;
• Такси айдоочусу;
• Банктык аккаунттардын 2 болжолдуу буйрутмачысы.
Укук коргоо органдары кармалып келгендердин ар биринин ролун жана бул схеманын башка мүмкүн болгон катышуучуларын аныктоодо.
ШИИББ банктык эсептерди жана аккаунттарды бөтөн адамдарга өткөрүп берүү аларды мыйзамсыз максаттарда пайдаланууга шарт түзөрүн түшүндүрдү.
Атап айтканда, мындай аккаунттар кылмыштуу жол менен табылган кирешелерди адалдоо, мыйзамсыз P2P операцияларын жүргүзүү жана башка каржылык схемаларды ишке ашыруу үчүн колдонулушу мүмкүн.
Ошол эле учурда милиция аныкталган аккаунттар кылмыш жасоо үчүн иш жүзүндө колдонулган-колдонулбаганын тактаган жок.
Учурда укук коргоо органдарынын кызматкерлери ыкчам-издөө иш-чараларын улантууда. Бул схемага тиешеси бар бардык адамдар, ошондой эле банктык аккаунттарды каттоонун жана өткөрүп берүүнүн жагдайлары такталууда.
Бишкек ШИИББ жарандарды акчалай сыйлык убадаланса да, өз атына башка бирөөлөргө өткөрүп берүү максатында банктык эсептерди ачуу сунуштарына макул болбоого чакырды.
Милиция ошондой эле банк карталарын жана мобилдик банктык тиркемелерге, эсептерге кирүү мүмкүнчүлүгүн бөтөн адамдарга бербөөнү эскертет.