Кыргызстанда айрым полимердик пакеттерди жана пластмасса буюмдарын өндүрүүгө жана сатууга тыюу салынат

15.10.2026 | 12:07
Кыргызстанда айрым полимердик пакеттерди жана пластмасса буюмдарын өндүрүүгө жана сатууга тыюу салынат — Новости Кыргызстана

2027-жылдын 1-январынан тартып Кыргызстанда полимердик пленкадан жасалган айрым пакеттерди жана пластмасса буюмдарын өндүрүүгө, сатууга жана акысыз таратууга тыюу салынат. Бул чара пластик калдыктарынын көлөмүн кыскартууга багытталган. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.

Министрлик бул мыйзам талабына бизнестин даярдыгы боюнча жыйын өткөрүп, ага пластик идиштерди жана полимердик пакеттерди чыгарган, кайра иштеткен ата мекендик ишканалардын өкүлдөрү катышты. Жыйында биологиялык жол менен ажыроочу материалдарга өтүү, таңгактарды өндүрүү жана пластик калдыктарын кайра иштетүүчү ишканалардын кубаттуулугун жогорулатуу жолдору каралды.

Талкуунун жыйынтыгында министрлик талаптарга этап-этабы менен өтүүнү камсыз кылуу жана келип чыккан маселелерди кароо үчүн өндүрүүчүлөр жана кайра иштетүүчүлөр менен биргеликте жумушчу топ түзөрүн билдирди.

Scroll to Top