Сооронбай Жээнбеков Айбек Эрнис уулун судьялык кызматтан бошотту

Сооронбай Жээнбеков Айбек Эрнис уулун судьялык кызматтан бошотту

Сооронбай Жээнбеков Айбек Эрнис уулун судьялыктан кызматтан бошотту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, судьялар кеңеши ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу жергиликтүү соттордун бир катар судьяларын ээлеген кызматтарынан бошотуу тууралуу президент Сооронбай Жээнбековго сунуштарды киргизген.

Мамлекет башчы кол койгон биринчи жарлыкка ылайык, Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьялары Кайсын Абакиров, Авчи Алиев жана Аманбек Сариевдин ыйгарым укуктары токтотулуп, жергиликтүү соттун судьясы кызматынан бошотулган.

Президент дагы бир жарлыгы менен Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулун жергиликтүү соттун судьясы кызмат ордунан бошотту.

Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Сооронбай Жээнбеков 21-июлда кызматтык мөөнөтү аяктаган судья Айбек Эрнис уулун кайрадан кызматка дайындоодон баш тарткан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>