Европага жумушка орноштурам деп алдаган. Баткенде 43 жаштагы шектүү кармалды

03.09.2026 | 15:22
Европага жумушка орноштурам деп алдаган. Баткенде 43 жаштагы шектүү кармалды — Новости Кыргызстана

Баткенде 43 жаштагы эркек киши жарандарды чет өлкөгө жумушка орноштуруу шылтоосу менен алдоого шектелип кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясы билдирди.

Маалыматка ылайык, Баткен шаарынын жана районунун бир нече тургуну милицияга арыз менен кайрылышкан. Алардын айтымында, 43 жаштагы Ж.Б. аттуу жаран «Европа мамлекеттерине жумушка орноштурам» деген шылтоо менен ишенимге кирип, акча каражаттарын алып, изин жашырып кеткен.

Аталган фактылар Баткен ШИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иштери козголгон. Тергөөнүн маалыматына ылайык, жабырлануучуларга жалпысынан 900 миң сомго жакын чыгым келтирилген.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында шектүү Ж.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери улантылууда.

Милиция аталган жарандан жабыркаган башка жарандар болсо, Баткен ШИИБге кайрылууну сунуштайт.

Scroll to Top