Маматалиев: Беш жылда 700дөн ашык билим берүү объектиси курулуп, оңдолду

2021-жылдан бери Кыргызстанда 700дөн ашык билим берүү объектиси курулуп, капиталдык оңдоодон өткөрүлдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев 2-сентябрда парламенттин жаңы сессиясын ачып жатып билдирди.
Анын айтымында, 2021-жылдан 2025-жылга чейин республика боюнча 673 билим берүү объектисинде курулуш жана капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөн.
Тактап айтканда, төрт жылдын ичинде 394 жаңы мектеп жана 147 бала бакча курулган. Дагы 114 мектеп жана 18 бала бакча капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн.
«Эгер 2026-жылды кошсок, 700дөн ашык объект болуп жатат», — деди Маматалиев.
Спикер билдирген маалыматка ылайык, быйыл 31-августка карата 56 билим берүү объектисинде иштер толугу менен аяктаган. Анын ичинде 28 жаңы мектеп жана төрт бала бакча курулуп, 20 мектеп жана төрт бала бакча капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн.
Жыл аягына чейин дагы 58 объектте иштерди аяктоо пландалууда. Анын ичинде 49 мектеп жана жети бала бакча жаңыдан курулуп жатат, дагы эки мектеп капиталдык оңдоодон өткөрүлөт.
Маматалиев мындай темп мамлекеттин финансылык мүмкүнчүлүктөрүнүн кеңейишинин аркасында мүмкүн болгонун белгиледи. Анын айтымында, учурда саламаттык сактоо, жол жана транспорттук инфраструктура тармактарында да масштабдуу курулуш иштери жүрүп жатат.
«Мындай масштабдагы иштердин артында эң башкы максат — балдарыбыздын сапаттуу билим алышына шарт түзүү турат», — деди спикер.
Сессияны ачып жатып Маматалиев ошондой эле парламент өлкөдө олуттуу өзгөрүүлөр жана ири долбоорлор ишке ашырылып жаткан мезгилде өз ишмердүүлүгүнүн жаңы этабын баштап жатканын билдирди.