АКШнын мамкатчысы Марко Рубио соода кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн Борбор Азияга келе жататБишкектин Достук айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы жер тилкелери боюнча алдамчылыкка шектелүүдөСадыр Жапаров ЮНЕСКОнун башкы директору Халед Аль-Анани менен жолугуштуЧүй облусунун ооруканаларына үч тез жардам унаасы тапшырылдыЕреванда Садыр Жапаров менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян сүйлөшүүлөрдү өткөрүштүШакиранын Бишкектеги концерту: 18-октябрда милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт
КР УКМК башчысы болуп Максат Асаналиев дайындалды — президент жарлыкка кол койду
03.09.2026 | 12:05

Максат Асаналиев УКМКнын (Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети) төрагасы болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.
Буга чейин Асаналиев башкы прокурор кызматын аркалап келген. 30-июнда ал башкы прокурор кызматынан отставкага кетип, ошол эле күнү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалган.
Ага чейин 2026-жылдын февралынан бери УКМКны Жумгалбек Шабданбеков жетектеп келген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом