Сооронбай Жээнбеков: мен коргоого муктаж эмесмин

Сооронбай Жээнбеков: мен коргоого муктаж эмесмин

«Ар бир жаран коомчулукка кандайдыр бир билдирүү менен чыгып жатып, башканын жоопкерчилигин талап кылып жатып, өзүнүн да жоопкерчилигин унутпашы керек», — деп белгиледи  Президент Сооронбай Жээнбеков кечээ 15 августта, Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Биринчи радиосуна» берген кезектеги маегинде.

«Күчтүү жарандык коом жана сөз эркиндиги кайсы гана өлкөнүн болбосун, өнүгүүсүнө жакшы түрткү болот. Албетте, бул эркиндиктин артында чоң жоопкерчилик бар. Бул өзүнчө кеп.
Ар бирибиз өз милдетибизди аткарышыбыз керек. Мен Президент катары өз милдетимди аракет кылып, аткарып жатам. Милиция өз милдетин аткарат. Журналист же активист сындап жазат. Сүйлөйт. Сындап, жазып, сүйлөп, ал да өз ишин аткарып жатат. Алдыда чоң саясий иш жакындап калды. Парламенттик шайлоо болот. Анын алдында да өзүнө көңүл бурдургусу келгендер болот. Өзүн элге тааныткысы келгендер болот. Мунун баары табигый көрүнүш. Буга ар бир саясатчы, мен баш болуп даяр болушубуз керек», — деди мамлекет башчысы.

Ошону менен бирге, ар бир жаран коомчулукка кандайдыр бир билдирүү менен чыгып жатып, башканын жоопкерчилигин талап кылып жатып, өзүнүн да жоопкерчилигин унутпашы керектигин белгиледи.

«Саясий же жөн гана адамдык маданияттын алкагында талаш, сын, талкуу болсо, ал туура көрүнүш.  Жогоруда айттым. Дагы кайталап айтам. Милиция да өз ишин аткарып жатат деп. Бирок мен, Президент катары, мына ошондой суракка чакырып, мени коргоого муктаж эмесмин», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>