Кыргызстанда 8 райондо суу менен камсыз кылуучу райондук ишканалар түзүлөт

21.08.2026 | 15:35
Кыргызстанда 8 райондо суу менен камсыз кылуучу райондук ишканалар түзүлөт — Новости Кыргызстана

Кыргызстанда «Суу менен камсыздоо жана санитарияга жалпы жеткиликтүүлүк (1-фаза)» программасы активдүү ишке ашырылууда. Ал Ош, Чүй жана Ысык-Көл облустарындагы 126 айылдык калктуу конушту коопсуз ичүүчү суу жана заманбап саркынды суу кызматтары менен камсыздоого багытталган. Натыйжада 450 миңден ашык адам таза сууга жеткиликтүү болот.

2026-жылдын 21-августунда Чүй облусунун Сокулук районунда ичүүчү суу менен камсыздоо жана суу чыгаруу кызматтарын көрсөтүүчү адистештирилген муниципалдык ишкана — райондук кызмат көрсөтүүчү ишкананы (РККИ) түзүү боюнча координациялык кеңешме өттү. Мындай ишканаларды республиканын 8 районунда түзүү пландалууда.

Кеңешмеге Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын биринчи орун басары, айыл өкмөт башчылары, айылдык кеңештердин төрагалары, муниципалдык ишканалардын жетекчилери жана Ичүүчү суу менен камсыздоо жана суу чыгарууну өнүктүрүү департаментинин Долбоорлорду ишке ашыруу тобунун адистери катышты.

Катышуучуларга райондук кызмат көрсөтүүчү ишкананын иштөө модели, каржылоо механизмдери, ошондой эле суу менен камсыздоо системаларын пайдалануу жана техникалык тейлөө функцияларын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын менчик укугун сактоо менен өткөрүп берүү тартиби тааныштырылды.

Талкуунун жыйынтыгында катышуучулар РККИ түзүүнү колдоп, зарыл документтерди даярдоону баштоо, маселени айылдык кеңештердин сессияларында кароо жана айыл өкмөттөр менен жаңы муниципалдык ишкананын ортосунда функцияларды өткөрүп берүү боюнча келишимдерди этап-этабы менен түзүү чечимин кабыл алышты.

Scroll to Top