Минкабтын отставкасы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт

Минкабтын отставкасы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт

Президенттин басма сөз кызматы министрлер кабинетинин отставкасы тууралуу маалыматты четке какты.

«Коомчулукта соңку кездери Акылбек Жапаров баштаган министрлер кабинетинин алмашышы жана бийликтин жогорку эшелондорундагы башка кадрдык өзгөрүүлөр тууралуу ар кандай ушак-айың кептер тарап жатат», — деп жазат басма сөз кызматы.

Басма сөз кызматы Акылбек Жапаров жетектеген министрлер кабинети узак мөөнөттүү болоорун билдирди.

«Министрлер кабинетинин мүчөлөрүнүн алдында чоң милдеттер турат, анын ичинде өлкөнүн консолидацияланган бюджетинин ресурстук бөлүгүн 400 миллиард сомго чейин көбөйтүү планын ишке ашыруу, бюджеттик кызматкерлердин эмгек акысын жогорулатуу жана башкалар», — деп айтылат президенттик аппараттын маалыматында.

Президенттин пикиринде, өлкөбүздүн жарандары күнүмдүк турмушунда позитивдүү өзгөрүүлөрдү сезиши үчүн министрлер кабинети туруктуу жана узак мөөнөттүү иштеши керек.

«Ошол эле учурда президент Садыр Жапаров аткаруу бийлигинин башчысы катары министрлер кабинетинин ар бир мүчөсүнүн жеке жоопкерчилигин кароо укугун өзүнө калтырат», — деди президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>