Депутат «Электр станциялары» ААКны Кара-Көлдөн Бишкекке көчүрбөөнү сурандыКасымалиев: Кыргызстан ЖИ жаатында кызматташуу боюнча дүйнөлүк уюмду түзүү демилгесин колдойтЖК президенттик шайлоонун күнүнЖКда майыптыгы бар адамдарды колдоо ыкмасын өзгөртүү сунушталдыБодо малды Тажикстанга мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган. Баткенде жаран кармалдыЭкономика министрлиги Орто коридордун инвестициялык потенциалы тууралуу айтып берди
“Сосновка” постунда киргизилген чектөө алынды
28.03.2025 | 10:54
Бишкек-Ош унаа жолундагы “Сосновка” постунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө бүгүн, 28-март саат 08:30да алынды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Чектөө кечээ, 27-мартта туруксуз аба ырайына байланыштуу киргизилген.
Мындан тышкары азыркы тапта Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун Тоң-Мурун ашуусунда бороон басыла элек. Жол жакшы көрүнбөй, каттам үчүн кыйынчылыктар жаралууда. Жеринде тазалоо иштери үзгүлтүксүз уланууда.
Министрлик айдоочуларды жол эрежесин так сактоого жана керектүү шаймандарды ала жүрүүгө чакырды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом