Сурамжылоо: Эң мыкты министр тандалды. Жыйынтык чыкты

Сурамжылоо: Эң мыкты министр тандалды. Жыйынтык чыкты

Reporter.kg “эң мыкты министрди бирге тандайбыз”- деген суроонун алкагында сурамжылоо жүргүзүп, бүгүн, 31-декабрь күнү саат 12:00 жыйынтыгын чыгарды. Сурамжылоо бир жума аралыгында жүрдү. Ага 23 министр катышты. 6711 окурман добуш берди.

Эң көп добуш алган Ички иштер министри Улан Ниязбеков 3733 добушка ээ болгон. Жалпы добуш берүүчүлөрдүн 56%на татыган.

Экинчи орунга Министрлер кабинетинин мурдагы төрагасы Улукбек Марипов жетти. Ал добуштун 13% алып, 870 кишиден колдоо тапкан.

Энергетика министри Доскул Бекмурзаев 5% добушу менен үчүнчү орунду камсыз кыла алды.  Жалпы 334 киши добуш берген.

Энергетика министринен 7 добуш менен Айыл-чарба министри Аскарбек Жаныбеков артта калып,  4-орунда калды. Анын жалпы добушу 327 добушка ээ болуп, 5%га жетти.

Жыйынтыгында  окурмандар тарабынан «Эң мыкты министр» наамына Ички иштер министри Улан Ниязбеков ээ болду.

 

Эң мыкты министрди бирге тандайбыз. Сурамжылоо

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>