Сузакта иске ууланып көз жумган наристелер жерге берилди

Сузакта иске ууланып көз жумган наристелер жерге берилди

Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Кызыл-Сеңгир айылында иске ууланып, чарчап калган 6 жаштагы кыз жана 4 жаштагы эгиз балдар жерге берилди. Бул тууралуу «Турмуш» жазып чыкты.

Андагы маалыматтарга караганда, Кызыл-Сеңир айылынын башчысы Максат Зулпукаров  «бир үйдө балдардын чоң энеси жана чоң атасы жашаган. Бир короонун ичиндеги башка үйдө келин 3 баласы менен жашачу экен. Аба-ырайы суук болуп кеткендиктен, мешке от жагып жатышкан. Эртең менен келиндин абысыны алар жаткан бөлмөгө кирсе, келин балдарын кучактаган абалда табылыптыр. Ооруканага жеткирип барган менен тилекке каршы балдар узап кеткен экен» — дептир.

Ал эми, Жалал-Абад облустук биргелешкен ооруканасы наристелердин энеси 23 жаштагы келиндин абалы жакшы экенин билдиришүүдө.  Бирок, азырынча эне балдарынын чарчап калганын угузуша элек экен.

Сузакта бир үйдөн түтүнгө ууланып 3 наристе чарчады

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>