Кыргызстандын элчилиги Орусия ТИМине нота жөнөттү: кыргызстандык алдамчылыкка кабылганБир жылда 304,9 миң кыргызстандык насыя алууга өзүнө-өзү тыюу салуу кызматынан пайдаланганДастан Бекешев: Бишкектеги күркөлөргө тыюу салуу ири соода түйүндөрүнө гана пайдалууКриштиану Роналду Португалия курамасындагы карьерасын аяктаганын жарыяладыКыргызстандагы баштапкы медициналык жардамды өнүктүрүүгө 15 млн доллар бөлүнөтАлдамчылыкка айыпталган жаран Грузияда кармалып, Кыргызстанга экстрадицияланды
Ош-Бишкек жолу: Май ташыган унаадан каза болгон маркумдун өздүгү такталды
15.11.2021 | 14:57
Ош-Бишкек жолундагы май ташыган унаадан өрт чыгып, Ош облусунун Кара-Суу районунун Шарк айылынын 68 жаштагы А.А.Ж көз жумду. Бул туурасында Сереп медиага Жалал-Абад облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдирген.
Маалыматка караганда, Бишкек—Ош жолунун 238-чакырымында башкаруусун жоготуп, жолдун оң тарабына чыгып, алдыңкы сол тарабы менен ташты сүзүп, оодарылып кеткен. Анын кесепетинен унаадан өрт чыгып, 35075 литр күйүүчү май толугу менен күйүп кеткен. Кесепетинен айдоочу да күйүп, көз жумган.
Буга чейин маркумдун өздүгү тактала эле болчу.
Ош-Бишкек жолу: Май ташыган унаанын өртүнөн бир киши көз жумду
Рубрики: Жаңылыктар, Коом