Активист Илимбек Исраиловго кылмыш иши козголгону белгилүү болду. Бул тууралуу шаардык милициядан кабарлашты.
Белгилүү болгондой, Исраилов 22-декабрда Бишкекте өткөн Facebook party кечесинде алып баруучулар Чыңгыз Рыскелдиев менен Керемет Сабыржанованы микрофон менен урганы тартылган видео соцтармактарга тарап, коомчулуктун сынына кабылган.
Окуянын видеосу 24-декабрда соцтармактарга тарагандан кийин милиция Исраиловду кармаган. Ага Укук бузуулар кодексинин 126-беренеси (майда бейбаштык) боюнча протокол түзүлүп, 25-декабрда соттун чечими менен 5 күнгө камакка алынган.
Ошондой эле окуядан кийин бир жарандан (С.Х.) милицияга Исраиловдун үстүнөн арыз түшкөн. Арызда Илимбек Исраилов мас абалда коомдук тартипти бузуп, алып баруучудан микрофонду жулуп алганы, андан кийин эки алып баруучуну эч себепсиз уруп жибергени айтылат. Ал айтылган эскертүүлөрдү укпай, күзөтчүлөргө каршылык көрсөтүп, микрофонду жерге уруп, сындырган. Натыйжада микрофондун ээсине 48 миң сом материалдык зыян келтирген.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин 1-бөлүгү (бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же зыянга учуратуу менен байланышкан бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголгон.
Алып баруучу жигит менен кызды урган Илимбек Исраилов 5 күнгө камалды