«Ильшат» коомдук фонду Бишкекте гепатологиялык борбор курат

Бишкектеги Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын аймагында адистештирилген гепатологиялык борбор курулат. Курулушту «Ильшат» коомдук фонду каржылайт.
Долбоорго ылайык, борбор жалпы аянты 3,1 миң чарчы метрди түзгөн төрт кабаттуу жаңы имаратта жайгашып, 100 орунга ылайыкталат. Бул жерде бейтаптарды алгачкы текшерүүдөн өткөрүү, боор ооруларын тереңдетип диагностикалоо, стационардык жана амбулатордук дарылоо, ошондой эле диспансердик көзөмөл жүргүзүү пландалууда.
29-августта оорукананын аймагында жаңы борбордун курулушуна капсула салынды. Иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев, саламаттык сактоо министри Дамирбек Осмонов, курулуш министри Нурдан Орунтаев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, «Ильшат» фондунун негиздөөчүсү Анвар Маметов жана медицина тармагынын өкүлдөрү катышты.
Маматалиев адистештирилген борбордун ачылышы Кыргызстанда боор ооруларын эрте аныктоо, так диагностикалоо жана дарылоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтерин белгиледи.
Төрага ошондой эле келечектеги борборду заманбап медициналык жабдуулар менен камсыздоо маселесин көтөрдү. Фонддун өкүлдөрү мекемени керектүү медициналык жабдуулар жана инвентарлар менен толук камсыздап, пайдаланууга даяр абалда өткөрүп берүүгө даяр экенин билдиришти.
Маматалиев борбордун курулушун каржылап жаткан «Ильшат» коомдук фондуна жана анын негиздөөчүсү Анвар Маметовго ыраазычылык билдирди.