Си Цзиньпин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди

30.08.2026 | 15:04
Си Цзиньпин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди — Новости Кыргызстана

Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин 30-августта Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

«Манас» эл аралык аэропортунда Си Цзиньпинди жана Кытайдын биринчи айымы Пэн Лиюанды Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана биринчи айым Айгүл Жапарова тосуп алышты.

Аэропортто салтанаттуу тосуп алуу аземи өттү. Кыргызстан менен Кытайдын мамлекеттик туулары илинип, Ардактуу кароол тизилди. Конокторго кыргыздын салттуу даамдары — боорсок жана бал тартууланды.

Салтанатка аскердик оркестр, добулбасчылар ансамбли, комузчулар, бий топтору жана «Салбуурун» салттуу маданиятынын өкүлдөрү да катышты.

Программа аэропорттун VIP-залында уланып, анда балдар хору жана жаш аткаруучулар өнөрлөрүн тартуулашты. Балдар кыргыз жана кытай тилдеринде музыкалык композиция аткарышты.

Scroll to Top