Жеке өнүгүүгө жардам берет: 8-класстар үчүн «Кыргыз жараны» программасы киргизилет

24.08.2026 | 13:36
Поможет личностному развитию: для 8-х классов введут программу «Кыргыз жараны» — Новости Кыргызстана

2026–2027-окуу жылынан баштап мектептердин 8-класстарына «Кыргыз жараны: тарых, коом, укук жана экономика» программасы киргизилет. Бул тууралуу Агартуу министрлиги маалымдады.

Программа 68 саатка эсептелип, тарых, коом, укук жана экономика багыттарын бириктирет. Анда жарандык жоопкерчилик, укуктук жана финансылык сабаттуулук боюнча көндүмдөрдү өнүктүрүү каралган.

Окутуу долбоордук иштерге, практикалык тапшырмаларга, дебаттарга, кейстерге жана экскурсияларга негизделет. Сабактарда санариптик технологиялар колдонулат. Мугалим маалымат берүүчү эмес, ментор жана кеңешчи катары иш алып барат.

Программада окуучунун жеке өнүгүү динамикасын аныктоого багытталган диагностика жана калыптандыруучу баалоо колдонулат. Программанын максаты — окуучулардын кызыгуулары менен жөндөмдөрүн ачуу жана билим алуу багытын тандоосуна көмөктөшүү.

Тиешелүү программа жана методикалык сунуштар Кыргыз билим берүү академиясынын сайтына (www.kao.kg) жайгаштырылган.

Scroll to Top