Милиция «Мадина» базарындагы өрттөн кийин камералардагы жазууларды изилдеди

Милиция Бишкектеги «Мадина» базарындагы өрттөн кийин видеокөзөмөл камераларындагы жазууларды изилдеди. 30-августта эртең менен өрт чыккан эки контейнердин жанында бөтөн адамдар болгону видеолордон аныкталган эмес.
Милициянын маалыматы боюнча, бир күн мурун кечинде эки соода контейнери тең жабылган — бири саат 18:38де, экинчиси 18:41де. Андан кийин аларда соода жүргүзүлгөн эмес.
30-августта эртең менен саат 08:32де эки контейнерде тең өрт чыкканы катталган. Текшерүүнүн алкагында милиция кызматкерлери видеокөзөмөл камераларындагы жазууларды алып, изилдешти.
Маалыматка ылайык, контейнерлер жабылгандан кийин аларга жакындаган же түздөн-түз жанында жүргөн бөтөн адамдар видеолордон байкалган эмес.
Учурда милиция окуянын бардык жагдайларын аныктап жатат. Өрттүн чыгуу себебин аныктоо үчүн тиешелүү экспертизалар дайындалды.
Эске салсак, 30-августта «Мадина» базарындагы өрт 1 миң чарчы метрден ашык аянтты каптаган. Саат 14:23тө өрт чектөөгө алынган. Өрттү өчүрүү учурунда эки өрт өчүрүүчү-куткаруучу жеңил жаракат алган, алардын абалы туруктуу деп бааланган.