Казакстанда парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жарыяланды: беш партия Курултайга өттү

Бүгүн, 25-августта, Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы 23-августта өткөн Курултайдын (бир палаталуу парламент) депутаттарын шайлоонун акыркы жыйынтыгын чыгарды. Бул тууралуу казакстандык ЖМКлар маалымдады.
Парламентке өтүү үчүн саясий уюмдар 5%дык босогодон ашышы керек болчу. Жыйынтыгында беш партия («Әділет», «Ауыл», «Respublica», «Ақ жол» жана ОСДП) Курултайга кирүү укугун алды:
- «Әділет» партиясы — 71,17%;
- «Ауыл» элдик-демократиялык патриоттук партиясы — 6,26%;
- «Respublica» партиясы — 5,56%;
- «Ақ жол» демократиялык партиясы — 5,21%;
- Жалпы улуттук социал-демократиялык партия (ОСДП) — 5,11%;
- Казакстан элдик партиясы (НПК) — 3,11%;
- «Байтак» жашылдар партиясы — 1,07%;
- Бардыгына каршы — 2,51%.
ЖМКлардын маалыматы боюнча, шайлоого 9 млн 351 миң 539 адам же тизмедеги жарандардын 74,8%ы катышкан. Шайлоочулардын жалпы саны 12,6 миллиондон ашкан.
Эске салсак, 2026-жылдын 1-июлунда Казакстанда жаңы Конституция күчүнө кирип, мурунку Мажилис жана Сенат ишин токтотуп, ордуна 145 депутаттан турган бир палаталуу Курултай түзүлгөн. Аталган парламентке депутаттар беш жылдык мөөнөткө шайланышат.