«Мадина» базарындагы өрттү өчүрүү учурунда эки өрт өчүрүүчү жабыркады

30.08.2026 | 14:47
«Мадина» базарындагы өрттү өчүрүү учурунда эки өрт өчүрүүчү жабыркады — Новости Кыргызстана

Бишкектеги «Мадина» базарындагы өрттү өчүрүү учурунда эки өрт өчүрүүчү-куткаруучу жеңил жаракат алды. Алардын абалы туруктуу. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Өрт саат 14:23тө чектөөгө алынды. Учурда аны толук өчүрүү иштери уланууда.

ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын алдын ала маалыматы боюнча, өрттүн аянты 1 миң чарчы метрден ашты.

Эске салсак, «Мадина» базарындагы өрт 30-августта эртең менен чыккан. Милициянын маалыматы боюнча, өрт тууралуу билдирүү «102» кызматына болжол менен саат 09:38де түшкөн. Алдын ала маалымат боюнча, өрттүн чыгышына электр зымдарынын кыска туташуусу себеп болушу мүмкүн. Өрттү өчүрүүгө 10 күжүрмөн эсеп жана ыкчам штаб тартылган. Окуя болгон жерде куткаруучулар, суу ташуучу унаалар жана тез жардам бригадалары да иштеди.

Теги: пожар
Scroll to Top